Бишкекте бүгүн "Балдар симфониясы" өтөт

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРабота детской музыкальной школы имени Гнесиных
Работа детской музыкальной школы имени Гнесиных - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш таланттар эл арасына кеңири белгилүү болгон классикалык чыгармаларды, эстрадалык ырларды аткарат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн "Балдар симфониясы" деп аталган концерт өтөрүн мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Программага Мукаш Абдраев атындагы балдардын атайын жана орто билим берүүчү музыкалык мектеп-интернатынын симфониялык оркестри, №5 искусство мектебинин балдар хору катышат. Андан сырткары, жаш көрүүчүлөргө "Алмаз-студио" жана №3 искусство мектебинин вокалчылары, Кара-Балта шаарынын музыка мектебинин тарбиялануучулары өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайсы мектептер балдарды 1-класска электрондук каттоосу жок алат? Тизме
Жаш таланттар эл арасына кеңири белгилүү болгон классикалык чыгармаларды, эстрадалык ырларды аткарат.

Кеченин көркүн "Иверия", "Томирис" жана "Ви-за-ви" спорттук бал бийлери боюнча мектеп, балдардын балет студиясы ачары айтылды.

Бишкек шаарынын мэриясы чоңдорду, ата-энелер менен чоң ата, чоң энелерди аталган кызыктуу концертке келип кетүүгө чакырды.

Концерт акысыз болот. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында саат 18:30да башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0