00:51 27 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.5988
  • EUR79.0503
  • RUB1.1081
Маданият

Көз жашын куюлтуп, жоогазын кучактаган Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (70)
289 0 0
Көз жашын куюлтуп, жоогазын кучактаган Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов жана белгилүү актриса Айтурган Темированын сүрөтү 1989-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ал жылы режиссер Геннадий Базаров "Айың" аталышындагы кезектеги тасмасын тарткан.

Ошол учурду ал мындайча эскерет:

"Фильмде Советбек Жумадылов ак жеринен кесилип кетип, жаңы эле түрмөдөн чыккан Калманды, Айтурган Темирова психикалык жактан жапа чеккен Сабинаны ойногон. Аларга так ошол ыйлап жаткан учурду ачып берүү кыйын болгон эмес. Сюжет боюнча Калман оорукчан жаш келиндин сөзүнө ишенип, анын уурдалып кетти делген баласын куткаруу аракетин көргөн. Соңунда ал аял оорулуу экендигин билип, аны издеп психдиспансерден табат. Анан экөө тең укуругу узун, акчалуу бир аткаминердин курмандыгына айланганын билишкен. Эпизоддогу ый каармандардын бири-бирине жан тартып, бири-бирин аяганы эмес, адамдардагы адеп-ахлакты жоктоо болгон. Тасма тартылгандан бери 30 жылдай убакыт өттү. Тасмада көтөрүлгөн коомдогу көйгөйлөр азыр дагы актуалдуу. Анткени мурун бизди "Исхак Раззаков, Болот Мамбетов, Казы Дыйканбаев, Төрөбай Кулатовдай бол" деп айтышчу. Азыр мен кийинки муунга мунун же тигинин жолун жолдо деп айта албай калдым. Эл башында тургандар арасында үлгү ала тургандар жок болуп кетти", — деди режиссер.

Анда Жумадылов 57, Темирова 31 жашта болуп, экөө тең көптөгөн тасмада образ жараткан. Алардын сырткары, "Айыңга" Асек Жумабаев, Эмил Борончиев, Капар Медетбеков, Сабира Күмүшалиева, Жамал Сейдакматова, Гүлсара Ажыбекова жана Назира Мамбетова катышкан.

Түрмө менен психикалык ооруканада жаралган тасма 1990-жылы калың журт тарабынан жакшы кабыл алынып, кийин КМШ өлкөлөрүндө да көрсөтүлгөн.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (70)

Тема боюнча

Же "жок", же "ооба" дей албай... Мамбет Мамакеевдин таберик сүрөтү
Саякбай манасчы үчүн оор мезгил эле... Залкардын таберик сүрөтү
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Айтурган Темирова, Советбек Жумадылов, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ