Композитор Азат Дөөткуловду эскерүү кечеси өтөт

© Фото / Данияр ДжаркымбаевКомпозитор Азат Дөөткуловдун архивдик сүрөтү
Композитор Азат Дөөткуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Композитор көптөгөн ырларга обон чыгарып, спектакль жана кинолорго музыка жазган.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Борбор калаада композитор, обончу Азат Дөөткуловду эскерүү кече-концерти өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.

Акции в память о погибших при пожаре в ТЦ Зимняя вишня - Sputnik Кыргызстан
Жаркын Балыкбаеванын сөөгү кайда коюлары айтылды
Иш-чара 15-апрель күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында болот. Аны мамлекеттик "Учур" жаштар театры менен "Кочкор" коомдук уюму биргелешип уюштурууда.

Композитор 2017-жылдын 13-апрелинде узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ал көп жылдан бери кант диабети менен жабыркап жүргөн.

Дөөткулов 2015-жылы чыгармачылыгынын 35 жылдыгын белгилеген. Көптөгөн ырларга обон чыгарып, спектакль жана кинолорго музыка жазган. Акыркы мезгилде мамлекеттик "Учур" жаштар театрында эмгектенип келген. Ал Калый Молдобасанов жана Жумамүдүн Шералиев атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0