"Ак илбирс" кино сыйлыгынын атайын байгеси кимге берилери айтылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы. Архив
Ак илбирс улуттук кино сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук кино сыйлыкты тапшыруу аземи 26-апрелде өтөт.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын атайын байгеси менен "Дүйнөлүк кинематографияга салым кошуу" номинациясы боюнча КР эл артисти, кинооператор Манасбек Мусаев сыйланат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалым болгондой, Мусаев — СССР кинематографиясынын отличниги, СССР мамлекеттик сыйлыгынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык премиясынын лауреаты.

Ал "Советская Киргизия" жана "Новости дня" киножурналдарынын сюжеттерин, даректүү тасмаларды тартып, 1972-жылдан тарта көркөм тасмаларды жарата баштаган. Анын кинокартиналары жогорку сыйлык жана дипломдорго татып, дүйнөлүк жана союздар аралык кинофестивалдарда мыкты аталган.

"Мусаев "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Жалаң эр-азаматтар", "Бөрү зындан", "Квартирант", "Жамийла" жана башка тасмаларды тарткан", — деп жазылат маалыматта.

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи 26-апрелде "Манас" кинотеатрында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0