Алты саның соо болсо, бекер карап жатпагын! Тоголок Молдонун кеп казынасы

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүМОЛДО ДЖАБАЕВ
МОЛДО ДЖАБАЕВ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет агартуучу, жазма акын Тоголок Молдонун санат-насыяттарын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Тоголок Молдонун өз аты Абдырахман уулу Байымбет. Акын Нарындын азыркы Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылында 1860-жылы жайдын алгачкы күндөрү кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Байымбеттин атасы Абдрахман кыргыз ырларын мыкты билген, эл арасында ырдай калып жүргөн шыктуу адам болгон.

Жайлоодо жүргөн жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аргымакка миндим деп арткы топтон адашпа. Асан Кайгынын кеп казынасы
Эл оозунда айтылып жүргөн кептерге караганда, эртелеп сабатын жоюп, тамга таанып калган кара тору тоголок жүздүү Байымбетти айылдагы келин-кесектер Тоголок Молдо деп тергеп алышкан. Эл оозуна алынып, акын гана эмес, "Манасты", "Семетей" менен "Сейтекти" айткан, аларды кагаз бетине түшүргөн чебер катары тарыхта калган.

Ак пейил, адал элим бар деп Тоголок Молдо революцияга чейин карапайым элди коргоп, теңчилик, акыйкаттык көз караштары үчүн далай жолу бай-манаптардын куугунтугуна кабылган.

Октябрь революциясын Тогуз-Торонун Кол-Боор кыштагында тосуп, Токтогул сыяктуу эле жаңы замандын башталышын кубаныч менен кабыл алып, эл эркиндигин даңазалаган "Революция", "Эркиндик" аттуу поэмаларды жазган. Бирок совет доору башталгандан кийин Тоголок Молдо куугунтук жеп, басмачылар аны өлтүрүүгө аракет жасашат. Үйүн кыйратып, аялын алып кетишет. Кайратынан жанбаган Тоголок Молдо алгачкылардан болуп колхозго мүчө болот. 1936-1938-жылдары өзү эл оозунан жазып алган оозеки чыгармаларды, этнографиялык жана тарыхый бир топ баалуу материалдарды республиканын Агартуу боюнча элдик комиссариатынын Илимий-изилдөө институтуна өткөрүп берген. Анын арасында "Жаңыл Мырза", "Мендирман" сыяктуу дастандар, элдик уламыштар да бар.

Тоголок Молдо 1942-жылы 4-январда 82 жашында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү мекени Куртка айылына коюлган.

Тоголок Молдонун накыл кептери:

Эң эле жыргал эмеспи,
Дүйнөдөн жыргап өтүүгө.

Эсиң болсо, жигиттер,
Капа кылып тилдебей,
Кайрыла жүр жетимге.

Өтүп кеткен ишиңдин
Артынан бекер өкүнбө.

Көтөрүлүп, көп сүйлөп,
Учураба кесирге.

Курчтугуңду майтарып,
Таш чапкандай кетилбе.

Ар ким ойлойт жакшылык,
Талаптуу ишке жетүүгө.

Тамаша кылба жыртаңдап,
Эри өлгөн аял жесирге.

***

Одоно сүйлөп, кеп айткан,
Обу жок адам көп болот.

Орунсуз жерге көп кирип,
Ушунча журтка кеп болот.

Туура жүрбөй, кыйшаңдап,
Туугандан алыс чет болот.

Сыртыңдан түзөп кеп айтып,
Душманга сырың алдырбайт.

Жакшы көрүп жолдошун,
Жамандык ишке бардырбайт.

***

Азамат болсоң, жигиттер,
Туура сүйлө кебиңди.

Ары жок ишке барганча,
Артык көр андан өлүмдү.

Пейли бузук кишиге
Ички сырың айтпагын.

Алты саның соо болсо,
Бекер карап жатпагын.

Атаң жаман болсо да,
Акылын ойго сактагын.

***

Жаман адам белгиси -
Өз камы үчүн жүгүрөт.

Жакшы адам белгиси -
Эл камы үчүн күйүнөт.

***

Ынтымак болсо калкыңда,
Душманыңдан тартынба.

Айбаты бар жигиттин,
Атагы калат артында.

Күжүрмөн эрдин күчү өтөт,
Күмүш менен алтынга.

Күчүң барда, эр жигит,
Күмүш өңдүү жалтылда.

***

Кайран өмүр барында,
Балалыктын чагында,
Гүлкайырдай гүлдөп ал,
Күлгүн жашың барында.

Карылык кууп жеткен соң,
Кайран өмүр өткөн соң,
Кара чым басып денеңди,
Каларсың жердин алдында...

Жаңылыктар түрмөгү
0