Унаа бузулуп суукта талаада калчубуз... Залкарлардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев менен Касиет Жумаеванын (архивдеги жазуу боюнча) сүрөтү 1950-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган - Sputnik Кыргызстан
Же "жок", же "ооба" дей албай... Мамбет Мамакеевдин таберик сүрөтү
Кыргыз элинин көрүнүктүү маданият өкүлдөрүнүн сүрөтү 1980-жылдардын башында Ысык-Көлдө тартылган.

Анда солдон оңду көздөй куудул Келдибек Ниязов, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, кыл кыякчы Толтой Мураталиев, төкмө акын Ашыраалы Айталиев, Токтогул Сатылгановдун баласы Бабажан Токтогулов, комузчу Мыктыбек Үмөталиев жана манасчы Уркаш Мамбеталиев отурат.

Ошол учурду Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаев мындай эскерет:

"Союз учурунда жылына малчыларга эки жолу барчубуз, ал эми гастролдор кыш, жай дебей, жыл бою болчу. Сүрөттөгү инсандар менен ал жылы Тоң районундагы Сырт өрөөнүнө барганбыз. Атайын түзүлгөн топко төкмө акын, комузчу, дастанчы жана куудулдар кирген. Ошол кездерде көп кызыктуу окуялар болуп, канча жолу автоунаабыз бузулуп талаада суукта калдык. Ак-Сай, Арпа жайлоосуна, азыркы Казакстандын аймагына кеткен кыргыз чабандарына чейин концерт коюп барчубуз. Карапайым эл сонун кабыл алып, сагынып калчу эле. Биз идеологиянын бир бутагы катары саналып, графикти Маданият министрлиги түзүп берчү. Кыргызстандын ар бир айылына он жолудан бардык окшойт", — деди Үсөнбаев.

Ал ошондой эле азыр дагы мындай иш-чараларды уюштуруп туруу керектигин, элет жериндегилер фольклорду сагынгандыгын айтат.

Кошумчалай кетсек, сүрөттөгү инсандар маданият тармагында узак жылдар бою эмгектенип, көпчүлүгү "Эл артисти", "Эмгек сиңирген артист" наамдарына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0