БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн Балдар китебинин эл аралык күнүнө карата Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада атайын иш-чара өткөрүлөт. Бул туурасында аталган китепканадан билдиришти.
Иш-чарада кичинекейлер арасында "Көркөм окуу", "Сыйкырдуу жомокторго саякат" сынактары өткөрүлөт. Андан сырткары, балдар жазуучуларынын чыгармаларынан сценкалар көрсөтүлүп, дүйнө элдеринин бийлери тартууланат.
Кичинекейлердин китеп майрамына балдар акын-жазуучулары Сулайман Рысбаев, Токтосун Самудинов келет. Иш-чарага Бишкек шаарындагы №10 мектебинин окуучулары жана каалоочулар катыша алат.