Якутиялык уз Димашка куюп койгондой окшош куурчак жасады. Сүрөт

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПевец Димаш Кудайбергенов
Певец Димаш Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куурчакка буйрутманы ырчынын фан-клубу берген. Кол өнөрчү кандай кыйынчылыктарга кабылганын да айтып берди.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Якутиялык чебер Хаарчанна Баппагай казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенге куюп койгондой окшош куурчак жасады. Өзгөчө белек өнөрпозго Кремлдеги жеке концерти учурунда тапшырылганын Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

Хаарчанна Баппагай ушу тапта Бали аралында жашап келет. Ал Instagram баракчасына куурчак жасоо боюртмасын ага Димаштын россиялык фан-клубунун өкүлү бергенин жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🅚🅗🅐🅐🅡🅓🅞🅛🅛🅢 (@khaardolls)

Чебердин айтымында, бир нече айда даяр болгон куурчакты жасоо бир топ кыйынчылыктар менен коштолгон. Меши иштебей, жада калса ал жашаган жерде кездеме саткан дүкөн да болгон эмес. Бүгүн-эртең көз жарам деп турган келин скутер айдап алып кездеме издеген.

Открытие XXVII Славянского базара в Витебске - Sputnik Кыргызстан
Димаш Америкадагы шоудан кетип, калыстардын эсин оодарды. Видео
Ал эми "ырчынын" чачы үчүн атайын Россиядан эчкинин тыбытын алдырган. Хаарчанна Баппагай куурчак жасоого баш-оту менен кирип, бул процесс күнүмдүк майда-барат тиричиликтен бир топ алаксытканын канааттануу менен белгилейт.

Чебер мындай өнөрдү өз алдынча эле Интернеттен үйрөнүп алган.

Белгилей кетсек, таскагы күндөн-күнгө күчөп бараткан Димаш Кудайберген 22-март күнү Кремлде жеке концертин берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0