Камактагы атасын бир көрүүгө зар болгон Мар Байжиев. Драматург тууралуу 6 факты

© Sputnik / Дронов / Медиабанкка өтүүКыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиевдин туулган күнү. Көп кырдуу инсан, кадырман аксакал 84 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги залкардын чыгармачылыгы жана өмүрүнөн кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Кинорежиссер Болот Шамшиев и актриса Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
Ызырынган жаштарды Ошко жибербей токтотуп... Сабира Күмүшалиева жөнүндө 7 факты
Аккан арыктан суу агат. Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келип, балалыгы Ысык-Көл облусунда, кийин Фрунзе шаарында өткөн. Атасы белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиев. Ал Касым Тыныстановдун шакирти болуп, анын жетектөөсү менен кыргыз тилинин морфологиясы боюнча эмгек жазган. Апасы мугалим болуу үчүн борбордо билим ала баштаган. Кийин 1930-жылдардын соңунда ал дагы кысымга кабылып, аз жерден атылып кете жаздаган. Болочоктогу драматургга атасы атактуу советтик окумуштуу, филолог Николай Маррдын ысымын берген.

© Фото / Александр ФедоровКыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив
Камактагы атасын бир көрүүгө зар болгон Мар Байжиев. Драматург тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив

Атасын күткөн өспүрүм. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Мар алты жашта эле. Башкалар сыяктуу анын атасы да фронтко аттанып, апасы айылдагы мектепте балдарга сабак берип иштечү. Балалыгы жокчулукта өткөн. Атасы 1944-жылы согуштан кайтып келип, үй-бүлө кайра борборго көчүп келет. Илимпоз Улуттук илимдер академиясындагы ишин кайра улантып, ошол кезде кичинекей Мар кыргыздын интеллигенциясынын бир тобун көрүп калган. Бирок андан көп өтпөй 1950-жылы Ташым Байжиевди түндө укук коргоо кызматкерлери үйдөн алып кетип, ошол бойдон келген эмес. Мар атасынын аман келүүсүн чыдамсыздык менен күткөнүн эскерет. Ташым Байжиев 10 жылга камалып кетип, эки жылдан кийин Казакстандагы түрмөдө көз жумган. Мар мектепти аяктаган соң 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, андан соң Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлук жогорку курсун аяктап келет.

Белгилүү сүрөтчү Теодор Герцен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Тоого куса болуп жүрүп Германияда көз жумган. Герцен жөнүндө 6 факты
Журналист, сценарист, фольклорист... Жогорку билимге ээ болгон жаш талант өзүн ар кыл тармакта сынап, "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрилигинде, "Литературная газета" басылмасында иштейт. 60-жылдарда "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартылып, анын сценарийин жазган. Кийинки жылдары "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Бирөөнүн бактысы", Нокдаун" өңдүү сегиз тасманын сценарийин жараткан. Ал эмгектердин көпчүлүгү эл аралык фестивалдарда жогору наам алганы маалым.

© Фото / Александр ФедоровКыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив
Камактагы атасын бир көрүүгө зар болгон Мар Байжиев. Драматург тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив

Дүйнө кезген пьесалар. Калемгер алгачкы аңгемелер жыйнагын 1961-жылы чыгарып, биринчи "Дуэль" аттуу пьесасы орус тилинде жарыяланган. Башка пьесалары дүйнөнүн 200дөн ашык театрында коюлган. Жазуучу ондогон чыгармасында каармандарынын ички сезимин, психологиясын, окуядагы адамдардын эмоциясын, өксүгүн, ой толгоосун мыкты ачып бере алган. Мындан сырткары, жазуучу өзүнүн эмгектеринде көтөргөн коомдогу көйгөйлөрү дайым актуалдуу болгондуктан азыркыга чейин дүйнө элдеринин театрында коюлуп келет.

Актриса Айша Карасаева и филолог, тюрколог Кусейин Карасаев - Sputnik Кыргызстан
Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты
"Манаска" өмүрүн арнап. Кичинекей Байжиев атасын көп ээрчип жүрүп, Саякбай Каралаев, Шапак Рысмендиев өңдүү бир катар манасчыларды көрүп калган. Ошондон улам "Манас" эпосуна кызыгуусу күчөп, ага сүңгүп кирип илимий негизде алектенген. Кийин кыргыз жана орус тилинде эмгектерди жаратат. "Манас" эпосундай гениалдуу чыгарма жок, болбойт дагы" деген сөзү бар. Кыргыз эл жазуучусу азыркыга чейин океандай терең чыгарма менен алышып келет. Учурда фольклорист "Манас" эпосу боюнча орус тилинде окуу китебин чыгарууга даярданууда.

© Фото / Александр ФедоровКыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив
Камактагы атасын бир көрүүгө зар болгон Мар Байжиев. Драматург тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив

Чарчабаган киноакадемик. Драматург ушу тапта Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө эмгектенет. "Манас" орденинин ээси жубайы менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0