Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Ноорузду Кыргызстанда кантип майрамдашууда. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Нооруз майрамынын урматына өлкөнүн булуң-бурчунда майрамдык иш-чаралар уюштурулган.

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында саат 11:00дөн 13:30га чейин майрамдык концерт болот. Андан сырткары, борбор калаанын төрт районунда да түрдүү иш-чаралар уюштурулган. Кыргызстандын жети дубанында да улустун улуу күнүн салтанат менен тосуп жатышат.

"Ак Кула" ат майданында Нооруз майрамынын урматына уюштурулган көк бөрүнүн финалы жана улуттук ат оюндары өтөт.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:17 21.03.2019

Балыкчы шаарында Нооруз расмий түрдө алгач, шаардык мэриянын аянтында башталды.Маданият үйүнүн кызматкерлери мектеп окуучулары менен биргеликте Нооруздун келип чыгышы тууралуу театрлаштырылган сценка коюшту.

"Балыкчы айымдар тобу", "Айым эне" топторундагы чыгармачыл апалар аластоо жөрөлгөсүн жасап, майрамдык салтанатка келген шаар тургундарына сүмөлөк таратышты.

Шаар мэри Алмаз Мамбетов жана шаардык Кеңештин төрагасы Канат Сартбаевдер шаар тургундарын жана жалпы Кыргызстандыктарды куттуктады.

Салтанат оюн-зоок, концерттик программа менен уланды. Бий ансамблдеринин өздөрүнүн номерлерин көрсөтүп, комузчулар ансамблдеринин күүлөрү жаңырды.

Балыкчыдагы Нооруз майрамына карата майрамдык салтанатты өткөрүүгө 400дөй чыгармачыл адамдар катышты.

Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, жасап келген буюмдарын сатыкка койгондор болду. Гиря, штанга көтөрүү сыяктуу спорттук жана улуттук оюндардын ар кандай түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Буга кошумча майрам өткөрүлүп жаткан жайда мекемелер арасында

"Улуттук нан" жана "Улуттук суусундук" жарманкеси уюштурулду.

Шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо камсыздалып, өрт өчүрүү жана Тез жардам унаалары жакын жерде даярдыкта турду.

Празднование Нооруза 2019 в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
18:45 21.03.2019

Жалал-Абадда кырк казанга даярдалган сүмөлөк

Фестиваль сумолока в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаарында Ноорузга карата 40 казан сүмөлөк кайнатылды
Фестиваль сумолока в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
17:03 21.03.2019

Жалал-Абаддагы Нооруз.

Празднование Нооруз-2019 в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
16:22 21.03.2019

Бишкекте Нооруз кандай белгиленди деп жаткандарга арналат.

Бишкектеги Нооруздун шаңы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Нооруздун шаңы. Видео
15:03 21.03.2019

Нооруз майрамы Нарын шаарында ɵзгɵчɵ майрамдык маанай менен белгиленди.

Аба ырайынын кескин ɵзгɵрүүсүнɵ, ак кардын себелеп жаап турганына карабай шаардын борбордук аянты майрам шаӊына бɵлɵнүп, элдин агымы кɵп болду.

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чаранын расмий бɵлүгүн ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардын элин куттуктап, Улустун улуу күнү жалаӊ жакшылыктарды, жаӊы ийгиликтерди, бак-таалай, ырыскы-дɵɵлɵттү алып келүүсүнɵ тилектештигин билдирди.

14:37 21.03.2019

Көк бөрү оюнунун финалын түз эфирден көрүңүз.

"Ынтымак" менен "Достук" командалары чемпион аталышы үчүн күч сынашууда.

Ноорузга карата уюштурулган улуттук ат оюндары. Түз алып берүү - Sputnik Кыргызстан
Нооруз майрамына карата "Ак-Кулада" болгон көк бөрүнүн видеосу
13:51 21.03.2019

Курманжан датканын эстелигинин алдында Кыргызстандагы чет элдик мамлекеттердин элчиликтери менен консулдуктары улуттук тамак-аштын жана кийимдин көргөзмөсүн өткөрүштү.

Анын ачылышына Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышты. 

Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чара концерт менен коштолду.

13:31 21.03.2019

Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамынын урматына карата атайын иш-чара өттү. Ага өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Ошондой эле түрдүү улуттук оюндар уюштурулуп, майрамдык концерт коюлду.

 

Празднование Нооруз 2019 в Оше - Sputnik Кыргызстан
13:26 21.03.2019

Ысык-Көлдүн АК-Суу районундагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары Нооруз майрамына карата сүмөлөк жасашты.

Празднование Нооруза 2019 в Ак-Суу - Sputnik Кыргызстан
13:11 21.03.2019

Бишкек шаарынын мэрия шаардыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

13:01 21.03.2019

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Кытай Өкмөтүнүн, элинин жана жеке өзүмдүн атыман Сизди жана жалпы Кыргызстан элин салттуу Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Өткөн жылдын июнь айында Сиз Кытайга алгачкы мамлекеттик визит жасадыңыз. Анын жүрүшүндө биз жыйынтыктуу жолугушууларды өткөрүп, кытай-кыргыз мамилелеринин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн орнотуу тууралуу бир пикирден чечим кабыл алдык. Бул эки өлкөнүн ортосунда достук кызматташуунун жаңы барагын ачты. Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө зор маани берүү менен, мен сиз менен бирге өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кытай-кыргыз мамилелерин жаңы бийиктикке алып чыгууга даярмын", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын элин жана президентин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон куттуктаган.

 

12:55 21.03.2019

Нооруз майрамында баарынын көңүлү жайдары.

12:42 21.03.2019

Көк бөрү боюнча мелдеште биринчи лиганын финалдык оюнунда Бишкектин "Келечек" командасы менен Талас облусунун "Алкан-Ата" командасы беттешип, оюн 1:5 эсебинде Таластын командасынын пайдасына аяктады.

12:40 21.03.2019

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Празднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айдан аман, жылдан эсен чыгалы. Жээнбеков элди куттуктады
12:36 21.03.2019

Бишкектеги "Ак кула" ат майданында Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндары өтүп жатат. Учурда ал жакта эмне болуп жатканын түз эфирден көрүңүздөр.

Ат чабыш — конноспортивные игры по случаю Нооруза в Бишкеке. Прямой эфир - Sputnik Кыргызстан
Нооруз майрамында өткөн "Ак-Куладагы" ат-чабыштын видеосу
12:35 21.03.2019

Ош шаарында облус жетекчиси баштаган аткаминерлер сүмөлөк жасоого катышты.

Народные гуляния Кадыр тун в Оше в преддверии Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Облус башчысы, мэр жана министр сүмөлөк кайнатты. Оштогу кадыр түндүн сүрөттөрү
12:33 21.03.2019

Каракол шаарында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен коштолду.

Празднование Нооруза 2019 в Караколе - Sputnik Кыргызстан
12:17 21.03.2019

Көк бөрү боюнча мелдештин финалдык бөлүгү өтүп жатат.

11:40 21.03.2019

Бишкектеги "Ак кула" ат майданында жигиттер эр эңиш боюнча күч сынашты.

10:58 21.03.2019

Бишкек милициясы жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн бардык аракетин көрүп жатат.

Празднование Нооруза 2019 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10:51 21.03.2019

Жааган карга карабай элдин маанайы көтөрүңкү экенин жергиликтүүлөр кабарашты.

Погода в городе Нарын на Нооруз - Sputnik Кыргызстан
Ноорузда Нарын шаарына кар жаады. Сүрөт
Погода в городе Нарын на Нооруз - Sputnik Кыргызстан
10:50 21.03.2019

Майрам күнү Кыргызстан боюнча кандай аба ырайы күтүлөт.

Праздничный концерт в честь Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ноорузга карата аба ырайы
10:49 21.03.2019

Урматтуу мекендештер сиздерди улустун улуу Нооруз майрамы менен куттуктайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0