14:00 06 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
35810

Долбоордун бет ачары вице-мэр Татьяна Кузнецова, Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина жана "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында "Кыргыздын салттуу баш кийимдери" аттуу фотокөргөзмө ачылды.

Ага кыргыздын эркек жана аялдары кийген салттуу баш кийимдердин сүрөттөрү коюлуп, алардын тарыхы, кийүү каадасы тууралуу кызыктуу маалыматтар жазылган.

  • Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында "Кыргыздын салттуу баш кийимдери" аттуу фотокөргөзмө ачылды.
    © Sputnik / Нуржан найзабекова
  • Ага кыргыздын эркек жана аялдары кийген салттуу баш кийимдердин сүрөттөрү коюлуп, алардын тарыхы, кийүү каадасы тууралуу кызыктуу маалыматтар жазылган.
    © Sputnik / Нуржан Найзабекова
  • Көз жоосун алган сүрөт көргөзмө Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу тарабынан даярдалды.
    © Sputnik / Нуржан Найзабекова
  • Долбоордун бет ачарына вице-мэр Татьяна Кузнецова, Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина, "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
    © Sputnik / Нуржан Найзабекова
1 / 4
© Sputnik / Нуржан найзабекова
Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында "Кыргыздын салттуу баш кийимдери" аттуу фотокөргөзмө ачылды.

Көз жоосун алган сүрөт көргөзмө Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу тарабынан даярдалды.

Долбоордун бет ачарына вице-мэр Татьяна Кузнецова, Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина, "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны ачып жатып Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина долбоорду даярдоого бир жылга чукул убакыт кеткенин баса белгиледи.

"Кыргыздын салттуу баш кийимдери" долбоору калаанын тургундары менен конокторуна Нооруз майрамынын алдында чоң белек", — деди Череменина.

Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова көргөзмө уникалдуу экенин кошумчалады.

"Фотокөргөзмө шаар тургундары жана конокторуна жагат деп ишенем. Бул жерде аялдардын сулуулугу, кыргыз элинин тарыхы, эркек жана аялдардын баш кийимдери, айтор, кыргыз эли тууралуу бүт нерсе камтылган. Бул долбоор тарыхты эске салып турат", — деди Кузнецова.

Сүрөт көргөзмө Нооруз майрамына карата уюштурулду.

Тема боюнча

Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Белгилер:
баш кийим, көргөзмө, Сүрөт

ЭҢ МААНИЛҮҮ