Жаш кезде кыйынчылыктарды көзгө илбей... "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү режиссер Болот Шамшиев менен актриса Айтурган Темированын сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.

Ал жылы чыгармачыл инсандар Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында "Ак кеме" тасмасын тарткан.

Ошол учурду Болот Шамшиев өзү мындайча эскерет:

"Фильмди жай мезгилинде баштап тартып ноябрда бүтүргөнбүз. Чоң-Жаргылчактын тоосунда өзүбүздүн ашкана, жатаканабыз болуп, бизге жакшы шарт түзүлгөн. Кийин Кырчын жайлоосунда да тарттык. Ошол маалда Айтурган экөөбүздүн тун кызыбыз Сүйүүтай беш айлык болчу. Албетте, ымыркай менен тоодо күн кечирүүдө кыйынчылыктар болбой койгон эмес. Күн сайын он саатка чейин иштеп, андан соң топ ойнойбуз, колубузда кичинекей чүрпөбүз бар. Бирок анда экөөбүз тең жаш болчубуз да. Жаштык кез ошонусу менен баалуу экен, айрым кыйынчылыктарды көзгө илбейсиң. Бул тасма ошентип жүрүп жаралган", — деди режиссер.

"Ак кеме" фильминде Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Нургазы Сыдыгалиев, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова да роль жараткан.

Эске сала кетсек, режиссердун бул эмгеги кийинки жылы эле Фрунзе шаарында өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге ээ болуп, кийин СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0