Живопистин бардык жанрын багындырган. Айып Алакуновдун көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 15-марттан 31-мартка чейин уланат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Айып Алакуновдун көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу музейдин сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн 15:00дө башталат.

"Айып Алакунов живопистин тарыхый, портреттик, пейзаж сыяктуу бардык түрүн багындырган. Көргөзмөдөн ар кыл темада тартылган чыгармаларга күбө болосуздар", — деп жазылат маалыматта.

Сүрөт көргөзмөсү 31-мартка чейин уланат. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0