Жүрөк толкуйт! Сауд Аравиядагы этнофестивалдын ачылыш аземи. Видео

Жазылуу
Этнофестивалда манас айтылып, кыргыз элинин көчмөн турмушу көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кечээ, 9-мартта, Сауд Аравияда Camel Fest фестивалы башталып, Кыргызстандан барган делегация "Көчмөндөр ааламы" этнофестивалын көрсөттү.

Иш-чаранын видеосун Кыргызстандан Көк бөрү федерациясынын президенти катары катышкан Жыргалбек Саматов Facebook баракчасына жарыялаган.

Анда Кыргызстандан барган маданият жана спорт өкүлдөрү өнөрлөрүн тартуулап, манас жаңырып кыргыз элинин көчмөн турмушу көрсөтүлгөн.

Фестивалдын ачылыш аземинин видеосун Сауд Аравияга барган кыргызстандык өкүлдөрдүн Facebook баракчаларынан да көрүүгө болот.

Эске салсак, Camel Fest фестивалы 9-марттан 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилген.

Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымды толугу менен уюштуруучулар көтөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0