Бишкекте режиссер аялдардын кинофоруму өтөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын уюштуруучусу – "Азиянын чыгармачыл аялдары" фондусу.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектеги Кино үйүндө Кыргызстандагы режиссер аялдардын III кинофоруму өтөт. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан билдиришти.

15-16-мартта өтө турган бул иш-чара Кыргызстандагы кинематографияны, кыз-келиндер тарткан кинонун өнүгүшүн талкуулоого багытталган.

Кинофорумда төмөнкү тасмалар көрсөтүлөт:

  • "Голос Провинции" - режиссеру Асел Сыдыкова, Кыргызстан;
  • "Жол", режиссеру Калвира Акчалова, Кыргызстан;
  • "Маленькая демократия", режиссеру Алтынай Таалайбек кызы, Кыргызстан;
  • "Узак", режиссеру Бегим Жолдубай кызы, док фильм, Кыргызстан;
  • "Манеж", режиссеру Бекинай Токтосунова, Кыргызстан;
  • "Азамат", режиссеру Назгүл Дөлөткелдиева, Кыргызстан;
  • "Прятки", режиссеру Венера Каиржанова, Казакстан;
  • "Чангет", режиссеру Аида Мидин кызы, Кыргызстан;
  • "Crazy mom", режиссеру Жанна Курмашева, Казакстан;
  • "Қыз Жібек", режиссеру Диана Турсын, Казакстан;
  • "Пируэт", режиссеру Алтынай Кабылбаева, Кыргызстан;
  • "Безоблачное небо", режиссеру Айзада Бекбалаева, Кыргызстан.

Иш-чаранын уюштуруучусу - "Азиянын чыгармачыл аялдар" фондусу.

Жаңылыктар түрмөгү
0