Аркан тартыш, жоолук таштамай... Маданий баалуулуктар тизмеси толукталат

Жазылуу
Тизме эки жылда бир толукталып келет.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Аркан тартыш, алты бакан селкинчек, жоолук таштамай, тогуз коргоол оюндарын Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

"Материалдык эмес маданий мурастардын тизмеси эки жылда бир толукталып турат. Бул ирет ага аркан тартыш, алты бакан селкинчек, жоолук таштамай, тогуз коргоол оюндары кошулат. Азыр башка органдар менен макулдашуу процесси жүрүп жатат", — деп түшүндүрүштү министрликтен.

Кыргызстандын маданий мурастарына кайсы оюндар жана баалуулуктар кирерине кызыксаңыз, Sputnik агенттигинин материалынын биле аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0