Кыргыз драма театры март айында коюла турган спектаклдердин тизмесин жарыялады

Жазылуу
Спектаклдер күнүнө бир сеанс менен саат 18.30да башталат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыштын акыркы айында театр сүйүүчүлөрүнө жалпы 11 спектакль көрсөтүлмөкчү.

Кыргыз улуттук академиялык драма театры март айында коюла турган спектаклдердин репертуарын жарыялады.

Жаздын алгачкы айында театр сүйүүчүлөрүнө жалпы 11 спектакль тартууланат. Күнүнө бир сеанс менен саат 18.30да баштала турганы айтылды.

  • 1-март — "Манастын уулу Семетей", Жалил Садыков;
  • 2-март — "Бейтааныш", Тунжер Жюженоглу;
  • 3-март — "Вестсайд окуясы", Эрнест Леман;
  • 13-март — "Керээз", Кайрат Иманалиев;
  • 14-март — "Кылым карытар бир күн", Чыңгыз Айтматов;
  • 15-16-17-март — "Темир аял", Шараф Башбеков;
  • 19-март — "Рамаяна", Бактыгүл Чотурова;
  • 20-март — "Саманчынын жолу", Чыңгыз Айтматов;
  • 22-март — "Көздөн учкан Ата Журт", Бексултан Жакиев;
  • 23-март — "Чыңгызхандын ак булуту", Чыңгыз Айтматов;
  • 24-март — "Шанель айым" Никлоай Коляда
Жаңылыктар түрмөгү
0