Спектаклге келиңиз, түшкөн каражат онкологияга чалдыккан балдарга жумшалат

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүКагаздан жасалган учак. Архивдик сүрөт
Кагаздан жасалган учак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрымдуулук спектакли беш күнгө уланат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры "Жардам берүү оңой" коомдук фонду менен биргеликте беш күн бою "Письма-самолётики" деп аталган спектакль коёт. Бул туурасында аталган театрдын директору Жолдошбек Жанжигит уулу билдирди.

Оорулуу бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чарчайт, кубарат, көп тумоолойт. Баладагы рак илдетинин белгилери
Анын айтымында, спектаклде айыккыс илдетке кабылган баланын тагдыры чагылдырылат.

Кайрымдуулук спектакли 20-февралдан 24үнө чейин күн сайын жаш көрүүчүлөр театрында көрсөтүлөт. Саат 19.00дө башталмакчы. Түшкөн каражаттын баары Кыргызстандагы онкологиялык оорудан жапа чеккен балдарга жардам иретинде берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0