Көчмөндүн духу! Кыргызстандан 1000ге чукул өнөрпоз Сауд Аравияга барат

Жазылуу
Чыгармачыл топ жана спортчулар менен бирге Кыргызстандан Сауд Аравияга ат, ит жана куштар дагы алып барылат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Көчмөндөрдүн турмушун көрсөтүү үчүн миңдей кыргызстандык өнөрпоз Сауд Аравиядагы Camel Fest эл аралык этнофестивалына барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Экс-директор Департамента туризма при Минкультуры Максат Чакиев - Sputnik Кыргызстан
Көкпардын отурумуна тиешем жок! Максат Чакиев Астанага эмнеге барганын айтты
Иш-чара 9-марттан 23-мартка чейин болмокчу. Анда 90го чукул өлкөнүн өкүлдөрү ырчы, бийчилердин концертин көрүп, каскадерлордун өнөрүнө, салбуурун жана көк бөрү оюнуна күбө болушат.

Чыгармачыл топ жана спортчулар менен бирге Кыргызстандан Сауд Аравияга ат, ит жана куштар дагы алып барылат. Буга байланыштуу бир нече рейс каттай турганын министрликтен кошумчалашты.

"Кыргыз тараптан фестивалды кошо уюштургандардын бири Этно оюндардын дүйнөлүк конфедерациясы болуп эсептелет. Алар Кыргызстанга эң көп — 1000 кишиге квота беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми жол кире, жатакана, тамак-аш жана байге фондусун кабыл алган тарап каржыламакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0