Дальмира Тилепбергенованын долбоору Берлинале-2019да көрсөтүлдү

© предоставлено Чолпон ИдрисовойКинорежиссер, сценарист Дальмира Тилепбергенова
Кинорежиссер, сценарист Дальмира Тилепбергенова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жалгыз карагайдын" сценарийи болгон окуянын негизинде жазылган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандык кинорежиссер, сценарист Дальмира Тилепбергенованын "Жалгыз карагай" деп аталган жаңы долбоору Берлинале-2019 эл аралык кинофестивалында сунушталды. Бул тууралуу "Айтыш" киностудиясынын өкүлү Чолпон Идирисова билдирди.

Анын айтымында, фестиваль 7-17-февраль күндөрү өткөн.

"Долбоор Кыргызстан, Казакстан, Канада, Польша, Франция жана АКШ сыяктуу мамлекеттер менен биргеликте ишке ашат. Ушу тапта даярдык иштерине каражат чогултуу аракеттери көрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Францияда "Бешкемпир" тасмасына билет калбай, фильм кайра көрсөтүлдү
"Жалгыз карагайдын" сценарийи болгон окуянын негизинде жазылган. Жети жашар Арно аттуу кыз эрининдеги калы Кудайдан берилген касиет экенине, кыял-тилектеринин баары орундаларына бекем ишенет. Көптөн бери эркек балалуу болууну көксөгөн атасына уул ордуна уул болууга аракет кылып, бактылуу балалыкты кечирип келет. Тасмадагы окуя Ысык-Көлдөгү жайлоолордун биринде өткөн.

Тасманын негизги максаты — ар бир адам айткан сөзү, жасаган иши үчүн жоопкер экенин туюнтуу.

Аталган фильм буга чейин Казакстанда өткөн "Евразия" кинофестивалына катышып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0