Кеп казына. Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан дипломат Тилекмат аке

© Sputnik / Табылды КадырбековКнига "Ысык-Колдун жети акеси"
Книга Ысык-Колдун жети акеси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз элинин кеменгерлеринин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Тилекмат Жылкыайдар уулу азыркы Жети-Өгүз районунда туулган. Жарыкка келген, өлгөн жылдары тууралуу так маалымат жок. Ал бугу уруусунан чыккан манап болгон. Эл оозунда Тилекмат аке татаал жагдайдан жол таба билген дипломат, калыс, элге таасирдүү адам болгон деп жазылат.

Боз-үй түндүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Касиети оозуна бүткөн Карга аке
Эл тагдырын ач көздүккө алмаштырган ошол учурдагы төбөлдөр жалган жалаа менен аны абакка каматышат. Ак жеринен караланган Тилекмат аке акталып, Верный (Алматы) түрмөсүнөн чыгып келе жаткан жолдо көрө албастардын үзөңгүгө тагып койгон уусунан набыт болгон. Тилекмат акенин ысымын Жети-Өгүз районундагы Шалбаа айылы алган.

Тилекмат акенин мыкты дипломат экендигин төмөндөгү мисалдар айгинелейт:

Кокон хандыгынын беги 1830-жылдары Көлгө келип, Тамгага сарбаздарынан бугунун эл башчысын чакыртат. Ага Боронбайдын ордуна Тилекмат барып ишти кынтыгы жок бүтүрүп, "Бугу элинин ханы" делген Кудаярдын мөөрү басылган күбөлүк алган. (А.Иманов "ХVII кылымдын экинчи жартысы-ХХ кылымдын башындагы Ысык-Көл ойчулдары, агартуучулары")

***

Бир ирет бугу менен сарыбагыш чатагына казактардын аралашып кетүү коркунучу туулуп калган кезде Тилекмат аке элчи болуп Тезек төрөгө барып, ага ушунчалык акыл муюткан сөздү айтып, эки урууну гана эмес, жалпы кыргызды бир кыргындан сактап калган дешет.

***

1856-жылы августта орус падышасынын атайын жиберген өкүлү бугунун билермандары Боромбай, Муратаалы, Качыбек, Токсоба, Тилекматтарды чакырып, Ормон хандын өлүмүн териштирет. Ошондо Тилекмат аке:

"Суучулдун өлүмү суудан, мергендин өлүмү тоодон, хандын өлүмү ага-туугандан. Бугу менен Сарыбагыш -бир атанын балдары. Өзүнө-өзү каршы чыккан хан өлүп, азабына эл калды. Адилдик күтүп алдыңарда турабыз", — деп тилмеч которгондо өкүл ыраазы болуп, бугуларды колдой турганын билдирет (Т. Ачикеев "Тилекмат").

***

Кытай империясы Иле районун Россиядан бошоткондон кийин 1883-жылы Шиңжан аймагынын башчысы көлдүк кыргыздардын башчысын чакыртат. Текестен жылкы тийген деген доо менен бугу кыргыздарын түп-орду менен жоготууну эскертет. Бул чакырууга Тилекмат барат.

Тундук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Кара кылды как жарган Калыгул олуя
"Бугулардын ханы жок экен, ээн баш эл экен деп калмактардан арыз түштү, жооп бериңиз" дегенде Тилекмат кагазды колуна алып, сабатсыздыгын билдирбей окумуш болуп, салмак менен башын чайкап, сыпайы жылмайып, хан күбөлүгү менен кошо даярдап алган түшүнүк катты берет. Катта көлдүк кыргыздардын өз оокаты өзүлөрүнө жетери тууралуу, коңшу эл менен жакшы мамилени күтүүнү билдирген маалымат бар эле. Тилмеч окуп чыккан соң бектерди чакыртып, кыргыздар менен жылуу мамиледе болуу ниетин билдирип, Тилекматка кымбат баалуу баш кийим кийгизип, сыйлап узатат. Бул окуядан кийин Тилекмат акенин кадыры эл арасында дагы бекемделет (К. Ачикеев. "Тилекмат")

***

Сарт аке Тилекматты: "Тилешим бактылуу адам. Ал калайык-калк үчүн жаралган. Аны карегимдей, жүрөгүмдөй баалаймын. Ал барында телегейим тегиз, деним таза, жаным жаннатта", — деп баалаптыр.

P.S: Тилекмат аке тууралуу маалыматтар Кашымбек Асанбековдун "Ысык-Көлдүн жети акеси" китебинен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0