Чыңгыз Айтматов сыйлыгы тапшырылат. Лауреаттардын тизмеси

© Sputnik / Чернов / Медиабанкка өтүүЛауреат Ленинской премии киргизский писатель Чингиз Айтматов
Лауреат Ленинской премии киргизский писатель Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтматовдун эл аралык клубу менен Чыңгыз Айтматовдун коомдук академиясы ар төрт жыл сайын адабият, маданият жана илим тармагында эмгектенгендерге академик наамын жана сыйлык тапшырат.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Эл аралык Чыңгыз Айтматов сыйлыгынын лауреаттары менен жазуучунун атындагы академиянын академиктерин сыйлоо аземи 12-февралда саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов коомдук академиянын маалымат кызматы билдирди.

Айтматовдун эл аралык клубу менен Чыңгыз Айтматовдун коомдук академиясы ар төрт жыл сайын адабият, маданият жана илим тармагында эмгектенгендерге академик наамын жана сыйлык тапшырат. Быйылкы сыйлыктар 2014-2018-жылдардагы жыйынтык боюнча берилет.

Эл аралык Чыңгыз Айтматов сыйлыгынын адабият жана искусство тармагындагы лауреаттары:

Раев Султан – жазуучу, "Топон" романы үчүн;

Бакытбек Мукул - актёр, киносценарист, кинорежиссёр, "Ата керээзи" тасмасы үчүн;

Анара Сыдыгалиева – актриса, "Саманчынын жолу" спектаклинде башкы каарман Толгонайдын ролун аткарганы үчүн;

Поэт Евгений Евтушенко - Sputnik Кыргызстан
Айтматов Пушкин, Толстойдон эмне үйрөнгөн? Орус адабиятынын таасири тууралуу 5 факты
Нурканбек Турсунбаев – театр жана кино актёру, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизиндеги спектаклде жана кинодо роль жаратканы үчүн;

Мирзажон Азизов – Өзбекстандын эл артисти, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде койгон постановкалары үчүн (Мукими атындагы Өзбек мамлекеттик драма театрынын көркөм жетекчиси);

"Учур" театры – "Кыямат" жана "Жаабарс" спектаклдеринде мыкты роль жаратканы үчүн (Театрдын режиссеру Ш.А.Шейшенов, артисттер Б.И.Асанова, Ч.Б.Мамаев, Н.А.Копоев, А.К.Ажыканова, И.З.Токтокожоева).

Ал эми Чыңгыз Айтматовдун коомдук академиясынын академиги боло тургандардын тизмеси:

Иса Габибели - академик, филология илимдеринин доктору (Азербайжан);

Мейлибаев Ахмаджон Мейлибаевич - филология илимдеринин доктору, профессор (Өзбекстан);

Миннуллин Ким Мугаллимович - филология илимдеринин доктору, профессор (Татарстан);

Бакашова Жылдыз Кемеловна – филология илимдеринин доктору, профессор (Кыргызстан).

Жаңылыктар түрмөгү
0