Бишкекте "Поэзия поезди" деп аталган ыр кече өтөт

Жазылуу
Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Борбор калаада "Поэзия поезди" деп аталган ыр кечеси өтүп, анда акындар — Мырзайым Айтимбетованын, Максат Жангазиевдин жана Умар Нусубалиевдин чыгармалары жаңырат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан билдиришти.

"Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоо уланууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акын, Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Максат Жангазиевдин, акындар Мырзайым Айтимбетова жана Умар Нусубалиевдин чыгармачылыгына арналат", — деп айтылган маалыматта.

Ыр майрам 15-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтмөкчү.

Акын Нарсулуу Гургубаева - Sputnik Кыргызстан
Нарсулуу Гургубаева: Айтматов маңкуртту бекер убара болуп жазгандай сезилип кетет
Кеченин катышуучусу, "Калемгердин пегасы" сынагынын баш байгесинин ээси Жангазиевдин "Жүрөк үнү" аталышындагы алгачкы жыйнагы 2014-жылы жарыкка чыккан.

Мырзайым Айтимбетованын "Баш тартпас жол" ырлар жыйнагы 2018-жылы жарык көргөн. Анын поэзиясына лирикалуулук жана мекенчилдик мүнөздүү.

Ал эми Умар Нусубалиев "Улуу тилегим" аттуу ыр китептин автору. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Жусуп Баласагын медалынын ээси.

Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0