Патефон, 119 жыл мурда чыккан гезит. Сузактык мугалимдин жеке музейиндеги кызыктар

© Sputnik / Зульфия ТургуноваСузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы "Адабият, искусство, музыка" музейин ачты
Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы Адабият, искусство, музыка музейин ачты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элеттик мугалим өзү иштеген мектепке чейин 10 чакырым аралыкты жөө басып келет

ЖАЛАЛ-АБАД, 9-фев. – Sputnik. Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы "Адабият, искусство, музыка" музейин ачты.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваСузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы "Адабият, искусство, музыка" музейин ачты
Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы Адабият, искусство, музыка музейин ачты - Sputnik Кыргызстан
1/4
Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы "Адабият, искусство, музыка" музейин ачты
© Sputnik / Зульфия ТургуноваЧыгармачылыкка кызыккан 69 жаштагы элеттик мугалим күн сайын 10 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылдагы мектепке келип, окуучуларга музыка сабагынан билим берип келет
Чыгармачылыкка кызыккан 69 жаштагы элеттик мугалим күн сайын 10 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылдагы мектепке келип, окуучуларга музыка сабагынан билим берип келет - Sputnik Кыргызстан
2/4
Чыгармачылыкка кызыккан 69 жаштагы элеттик мугалим күн сайын 10 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылдагы мектепке келип, окуучуларга музыка сабагынан билим берип келет
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАл аталган музейди түптөөнү 1996-жылы баштап, 21 жыл өткөн соң 2017-жылы апрель айында ачты
Ал аталган музейди түптөөнү 1996-жылы баштап, 21 жыл өткөн соң 2017-жылы апрель айында ачты - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ал аталган музейди түптөөнү 1996-жылы баштап, 21 жыл өткөн соң 2017-жылы апрель айында ачты
© Sputnik / Зульфия ТургуноваМахамаджан Мадаминов музейди түптөө үчүн бир топ тер төгүүгө туура келгенин айтат.
Махамаджан Мадаминов музейди түптөө үчүн бир топ тер төгүүгө туура келгенин айтат. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Махамаджан Мадаминов музейди түптөө үчүн бир топ тер төгүүгө туура келгенин айтат.
1/4
Сузак районундагы өзбек тилдүү №2 мектебинде эмгектенген мугалим Махамаджан Мадаминов өз каражатына коомдук ишмер Шабданбай Абдыраманов атындагы "Адабият, искусство, музыка" музейин ачты
2/4
Чыгармачылыкка кызыккан 69 жаштагы элеттик мугалим күн сайын 10 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылдагы мектепке келип, окуучуларга музыка сабагынан билим берип келет
3/4
Ал аталган музейди түптөөнү 1996-жылы баштап, 21 жыл өткөн соң 2017-жылы апрель айында ачты
4/4
Махамаджан Мадаминов музейди түптөө үчүн бир топ тер төгүүгө туура келгенин айтат.

Чыгармачылыкка кызыккан 69 жаштагы элеттик мугалим күн сайын 10 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылдагы мектепке келип, окуучуларга музыка сабагынан билим берип келет.

Ал аталган музейди түптөөнү 1996-жылы баштап, 21 жыл өткөн соң 2017-жылы апрель айында ачты.

Музыкант, народный артист КР Курмангазы Азыкбаев - Sputnik Кыргызстан
Курмангазы Азыкбаев: үч жыл күттүргөн аспаптан үн чыкканда үч саат ыйладым

Өз өмүрүн балдарга билим берүүгө арнаган агартуучу кыргыз-өзбек акындарынын жана жалпы эле өнөр адамдарынын музейин түптөө үчүн мектептин бир бөлмөсүн оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Учурда бул музейде 400гө жакын китеп, 40тан ашуун классик жазуучулардын сүрөттөрү, 1930-жылдан 1970-жылга чейинки облустагы маданият тармагына байланышкан сүрөттөр, 1950-жылы колдонулган патефондор бар.

Мындан сырткары, 20дай музыкалык жабдыктар менен аспаптардын түрү да коюлган. 1950-жылдарга таандык грампластинка жана мындан 119 жыл мурда чыккан "Искра" гезитинин алгачкы саны экспонаттардын катарын толуктап турат. Ошондой эле Жалал-Абад облусунан чыккан 450дөй чыгармачыл инсандын тарых-таржымалы, алардын 300дөй эмгектери да бар.

Махамаджан Мадаминов музейди түптөө үчүн бир топ тер төгүүгө туура келгенин айтат.

"Чындыгында экспонаттарды топтоо бир топ кыйынга турду. Себеби бардык экспонаттарды өзүмдүн пенсияма, айлыгыма жана жеке каражатыма алдым. Мындан сырткары, дос, ага-инилерим да жардам көрсөтүп, музейдин ачылышына себепчи болушту", — деди ал.

Анын айтымында, музыкалык эски аспаптарды өз каалоосу менен бекер бергендер акыркы жылдары жокко эсе боло баштаган. Ошол себептен өз каражатына болсо да музейди ачууну максат кылган.

Бүгүн, 5-февралда, Бишкекте белгилүү балбан Кожомкул Каба уулунун музейи ачылды. - Sputnik Кыргызстан
Чапанына эки киши батат! Кожомкул балбандын жаңы музейиндеги буюмдары. Сүрөт

Элеттик мугалим өзү иштеген өзбек тилдүү мектепте мамлекеттик тилдеги маданий китептерге, баалуулуктарга басым жасап келет.

Анын айтымында, мындай кадам балдардын музыкалык сабатын гана жойбостон, аларды мамлекеттик тилди сүйүүгө да тарбиялайт.

Махамаджан агайдын ар бир сабагы Кыргызстандын гимни менен башталат. Ал өзбек тектүү окуучуларды мамлекеттик тилде сүйлөөгө ыр аркылуу үйрөтүп келет. Анын бул ыкмасы окуучуларга да жагат. Өзү негиздеген музейиндеги экспонаттар менен окуучуларга чыгармачыл чөйрөнүн алптарынын өмүр жолун да тааныштырып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0