"Ак Илбирс — 2019" кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс
Вручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыктылар 18 номинация боюнча аныкталат.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Ак Илбирс — 2019" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

"Ак Илбирс" улуттук сыйлыгы 2012-жылы өлкөнүн алдыңкы кинематографисттери тарабынан негизделген.

Иш-чара Кинематографисттер бирикмесинин, "Айтыш" коомдук фондунун, Кинематография департаментинин жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда өткөрүлүп келет.

Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:

— Мыкты тасма;

— Мыкты режиссер;

— Мыкты сценарий;

— Мыкты оператор;

— Мыкты сүрөтчү;

— Мыкты композитор;

— Мыкты үн режиссеру;

— Мыкты монтаж;

— Эркектин мыкты ролу;

— Аялдын мыкты ролу;

— Мыкты документалдык тасма;

— Мыкты кыска метраждуу тасма;

— Көрүүчүлөр жактырган мыкты тасма;

— Улуттук кинематографияга кошкон салым;

— Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым;

— Борбор Азиядагы мыкты тасма;

— Борбор Азиянын мыкты актеру;

— Борбор Азиянын мыкты актрисасы.

Кино сыйлыкка 2018-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат.

Эмгектер 2019-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынат.

Сыйлык тапшыруу аземи 26-апрель күнү саат 17.00дө "Манас" кинотеатрында өтөт.

Табыштама формасын бул жерден көчүрүп алып, akilbirsnma@gmail.com дарегине жөнөтүңүз.

Тасмалар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Логвиненко, 13. Кинематографисттер бирикмеси. Байланыш номери: (0707) 47-77-24.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгынын эл аралык өнөктөшү болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0