Уулуңузга ат издеп жаттыңыз беле? "Манастагы" кандардын, чоролордун ысымы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область
Визит президента Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек бала жарык дүйнөгө келгенде көбүнчө ата-энелер "уулубуз күчтүү, эр жүрөк, тайманбас" болсун деген тилек менен өзгөчө ат бергенге аракет кылышат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыздардын нукура аттарын тапканга аракет кылды.

"Тибиртке" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында 1995-жылы жарык көргөн "Манас энциклопедиясы" китебин барактадык. "Манас" эпосунда жалпысынан 500дөн ашык каармандын аты аталат. Анын жарымынан көбүн эркектердин ысымы түзгөндүктөн алардын айрымдарына гана токтолдук.

Азаймат — эпизоддук каарман;

Акбай — балбан, уруу башчысы;

Акбалта — Чубактын атасы, нойгуттардын каны;

Акун — Ооган каны;

Атемир — Каныкейдин атасы (Каракан);

Бабатай — Ороздунун он уулунун бири;

Бабыр — Манастын түпкү аталарынын бири;

Байгур — Манастын түпкү аталарынын бири;

Байжигит — белгилүү уруу аксакалдарынын бири;

Байкап — эпизоддук каарман;

Баймырза — Көкөтөйдүн тууганы, Байдын уулу;

Бакай — Манастын тууганы, эң жакын жардамчысы, акылдашы;

Баянчор — эпизоддук каарман;

Бегиш — эпизоддук каарман;

Бийназар — эпизоддук каарман;

Жанадил — Көкөтөйдүн атасы;

Жанай — катардагы каармандардын бири;

Жанбай — эпизоддук каарман;

Жангер — кырк чоронун бири, Жабыкенин атасы;

Калкаман — Кырк чоронун бири;

Камбар — Чаликтин атасы;

Каратай — кырк чоронун бири (Ырчы уул);

Кемел — эпос боюнча Мысырдын бийлөөчүсү;

Кербен — кырк чоронун бири;

Кумар — Дебегенин атасы;

Күлчоро — Алмамбеттин уулу;

Кыргыз — эпос боюнча кан;

Манас — эпостун баш каарманы;

Миңбай — эпизоддук каарман;

Ногой — Манастын чоң атасы;

Рустөм — легандарлуу баатыр;

Сатай — уруу башчыларынын бири, кийин кырк чоронун бири;

Саят — Абдрамандын атасы;

Селим — эпизоддук каарман;

Семетей — Манастын уулу;

Сейтек — Семетейдин уулу;

Серек — кырк чоронун бири;

Сыргак — белгилүү чоң баатыр, кырк чоронун бири, өз аты — Бердибек;

Тайлак — Бакайдын иниси;

Тейиш — Текес кандын иниси, Текес өлгөндөн кийин ордуна кан болот;

Темир — Текес кандын атасы;

Толтой — Багыштын уулу;

Төштүк — уруу башчысы, баатыр;

Түмөн — кырк чоронун бири;

Чоро — наймандардан чыккан баатыр, эпизоддук каарман;

Чубак — белгилүү чоң баатыр, кырк чоронун бири;

Шаатемир — эпизоддук каарман, Атемирдин иниси;

Шыгай — Манастын чоң атасы Ногойдун бир тууганы;

Эламан — кырк чоронун бири;

Элим — эпизоддук каарман;

Өткөн "Тибирткеде" кыздардын ысымдарын тизмектегенбиз

Жаңылыктар түрмөгү
0