Кыргызстандык 5 тасма эл аралык фестивалга катышат. Тизме

© Фото / Централ Азия фильм"Дарак ыры" тасмасынан кадр. Архив
Дарак ыры тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган фестивалда 72 мамлекеттен 220 фильм көрсөтүлмөкчү.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бангладештин Дакка шаарында өтө турган 17-эл аралык кинофестивалга Кыргызстанда тартылган беш тасма катышат. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Rainbow ("Асан-Үсөн") уюму уюштурган бул иш-чара 10-18-январь күндөрү өтмөкчү. Анда каралчу төрт номинация боюнча Кыргызстандан төмөндөгү фильмдер барат:

— "Азиялык тасмалар" номинациясына — Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы;

— "Кыз-келиндер режиссерлук кылган тасмалар" секциясына — Елизавета Стишованын "Сулайман тоо" жана Чолпонай Бөрүбаеванын "Өмүр" тасмалары;

— "Руханий азык" номинациясына — Айзада Алымбек кызынын "Өзөк" тасмасы;

— "Кыска метраждуу тасмалар" секциясына — Асел Чоткараеванын "Периште" эмгеги.

Аталган фестивалда 72 мамлекеттен 220 фильм көрсөтүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0