13:50 24 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7419
  • EUR78.8293
  • RUB1.0936
Маданият

Актерлорго ата болгон Борош чал. "Көчө" тасмасындагы таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (58)
214 0 0
Съемки фильма Кочо
© Фото / из семейного архива Туратбековых

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов менен оператор Марлес Туратбековдун сүрөтү 1972-жылы Ош облусунда тартылган.

Ал жылы "Көчө" тасмасын жаратуу иши жүрүп, ага кыргыздын бир топ таланттуу актерлору катышкан. Анда Рыскулов айылда жашаган чалдын образын жараткан.

Ошол кезеңди аталган тасмада башкы ролду аткарган Чоро Думанаев мындайча эскерет:

"Ноокатта бир айдай жүрүп тарттык окшойт. Ошондо Марлес Туратбеков Москвадагы Кинематография мамлекеттик институтунун операторлук факультетин бүтүп келип иштеп жаткан экен. Ал кыргыздардын арасындагы эң биринчи профессионал операторлордун бири болгон. Кийин жаш операторлор тарбиялана баштады. Сүрөттөгү Муратбек Рыскулов болсо элеттик чалдын образын жараткан. Мындай залкар инсандар менен чогуу иштешип калганыма аябай сыймыктанам. Анткени биз жаш болуп алып-учуп турган кезибиз болчу да. Ата-энебиздей акыл-наасатын айтып, Ошто көпчүлүгүбүзгө баш-көз болуп жүрдү. Ошолордун аркасында биз ушул даражага жеттик", — деди Думанаев.

Анын сценарийин Мурза Гапаров жазып, фильмдин режиссеру Геннадий Базаров болгон.

Айылдыктардын турмушун чагылдырган кинодо Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Алиман Жанкорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева да роль жараткан. Фильм ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталып, жылуу кабыл алынган.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (58)

Тема боюнча

Жазуучу Токомбаев режиссер Сыдыковдун башынан сылап. Таберик сүрөт
Жумадыловду жандаган жаркындар. Базаровдун тасмасындагы таберик сүрөт
"Кыргыз кереметин" жараткан залкарлар. "Улан" тасмасындагы таберик сүрөт
Белгилер:
Муратбек Рыскулов, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ