АКШнын киносынчылары 2018-жылдын эң мыкты тасмасын атады

© AP Photo / Eraldo PeresАтчан киши. Архив
Атчан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайлык Хлои Чжаонун тарткан тасмасы калыстар тарабынан жогорку баа алган.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШнын киносынчылар улуттук коому 2018-жылдын эң мыкты тасмасы менен актерлорун атады. Бул тууралуу The Hollywood Reporter порталы жазды.

Ага ылайык, кытайлык Хлои Чжаонун "Чабандес" фильми 2018-жылдын эң мыкты тасмасы деп табылды.

Кыргызстандык мигрант кыз тууралуу тартылган Айка тасмасынын трейлери чыкты - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мигрант кыздын жан чыдагыс жашоосу. "Айка" тасмасынын трейлери
Экинчи орунду мексикалык Альфонсо Куарондун "Рома" тасмасы ээледи. Ошондой эле Куарон мыкты режиссер аталып, "Рома" киносу чет элдик тасмалардын мыктысы болду. Анда 1970-жылдардагы мексикалык үй-бүлөнүн турмушу баяндалат.

Үчүнчү орунга түштүккореялык Ли Чхан-дондун "Жалындоо" (Burning) тасмасы татыды.

Ал эми мыкты актер деп "Пастырдын күндөлүгү" тасмасындагы башкы ролду ойногон Итан Хоук аталды. Мыкты актриса наамы "Фаворитка" киносунда роль жараткан Оливия Колманга берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0