13:57 20 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7300
  • EUR78.0941
  • RUB1.0899
Манастын айкели. Архив

"Теңири Манастын" кол жазмасын өрттөмөк. Айтылуу Ашым Жакыпбеков тууралуу 18 факты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (290)
135010

Бул ирет сөз ааламга аты дайын Шекер айылынын кулуну, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргызча сүйлөткөн Ашым Жакыпбеков тууралуу болмокчу.

Жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбеков 1935-жылы 12-августта Таластын Кара-Буура районуна караган Шекер айылында туулган. Төрт жашында ажыраган атасынын анча-мынча элеси, өзгөчө анын ат минүүгө үйрөткөнү эсинде кылыптыр. 1943-жылы Шекер жети жылдык мектебине окууга кирип, арасында Суулуу-Маймактагы Ак-Чий мектебинде да окуп, ошол жылдары ооруктун олчойгон иштерин жонуна көтөргөн ошол муундун балдарындай бүт азап-тозокко кайнап бышат. Анда көргөндөрү кийин бир топ чыгармаларына өзөк болгон.

Атактуу "номер беште" окуган. 1949-жылы жети жылдыкты аяктап, андан ары окуусун Фрунзе шаарындагы жалгыз кыргыз мектептен, №5тен улантат. Мектеп билим-тарбия берүү жагынан ошол кездеги эң атактуу билим уяларынын бири эле. Анан калса газеталар менен иштешүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Шекерде эле "Кыргызстан пионери" гезити менен байланышып, кабарларды жазып жүрсө, 1951-жылы 7-класста окуп жүргөндө гезиттин 1-майга арналган санына "Биринчи май" деген ыры жарыяланган. Жаш кабарчы 1953-жылы "номер бешти" жалаң "эң жакшы" деген баа менен бүтүп, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине келип кирет. Ал 60-жылдардан тартып кыргыз адабиятынын тарыхын улантып кеткен улуу жазуучулар, драмачылар, сынчылар, театр изилдөөчүлөр менен бир курста окуган.

Балалыктагы армандуу сүйүүнүн баяны. Студент кезинде өзү башынан өткөргөн сымал окуяны — 13 жашар баланын купуя сезимдерин баяндап чыгарма жазат. Окууну аяктар мезгилде, 1958-жылы, "Ала-Тоо" журналына (№1) ошол "Бул кандай сезим эле" чыгармасы жарыяланып, автору курсташтар арасында дүң болот. Кийин бул чыгармасы китептеринде "Салима" деген ат менен берилет. Аталган чыгарма азыркы күнгө чейин кыргыз новеллистикасынын бийик чокуларынын бири катары эсептелип, көп тилдерге которулуп басылат.

Эки жолу Шекерде мугалим да болгон. 1958-жылы жогорку окуу жайын бүтүп, айлына барып мугалим болуп бир аз иштейт. Кийин 1958-61-жылдары "Ала-Тоо" журналында адабий кызматкер болот. 1961-1963-жылы Шекерде орус тили мугалими болуп да иштеп, айлына там салууга жетишет.

Кыргыз прозасынын жаңы карлыгачы. "Жаралуу көгүчкөн" деген ат менен жазуучунун аңгемелер жыйнагы 1961-жылы жарык көрөт. Болгону 87 бет менен чыккан китеп улуттук прозага өз стили бар жазуучу келгенин тастыктады. Кыргыз адабиятынын "булкунуу", "гүлдөө" доору болгон 60-жылдарда жарыяланган жазуучунун "Улуу тоо", "Көздөн учкан ак кайык", "Жаралуу көгүчкөн", "Сагын", "Айгашка", "Биз атасыз өскөнбүз" деген аңгеме-повесттери авторго алкоо алып келген. 1966-жылы "Катаал багыт" повестин окурмандарына тартуулады. Ал орус тилине да которулду. 1969-жылы "Биз атасыз өскөнбүз", 1981-жылы "Кыргыз жеринин жомоктору", 1990-жылы "Шаа-Ата" деген китептери чыккан. Ал окурмандарына чыныгы стилист, "эски сөздөрдү ойготкон" жазуучу катары таанылды.

"Айгашка" — "Гүлсарат", Жакыпбеков — Айтматов. Жакыпбековдун "Айкашка" аңгемеси (повесть деп да айтышат) өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында жазылган. Анда ат менен адам мамилеси жаңы социалисттик цивилизациянын шартында Кылычбек, Сарыбек, Осмон деген каармандардын образы менен кошо үй-бүлөлүк жана коомдук конфликттердин кырдаалында ачылат. Чыгарма жазылганда автор 25 жаштагы жигит эле. Көп өтпөй 1966-жылы Чыңгыз Айтматовдун ушундай эле тематикадагы "Гүлсарат" повести орус тилинде жарыяланат. Ал чыгарма көп жылга чейин кыргызча чыкпай туруп калат. Бул тууралуу Жакыпбеков мындай эскерет: "Ошондой күндөрдүн биринде Чыңгыз ага мени чакырып калды: "Кыргызча кайра жазып чыгууга колум тийбей жатыры. Бирок окурмандар өз учурунда окуп калышса жакшы болор эле. Кыргызга жеткирүү жагын сен өз колуңа албайсыңбы", – деди. Мен өзүм да бүйрүм кызып жүргөм. Экинчиден, аганын сөзү — буйрук. Макул болдум. Анда Чыке өзүң билесиң деп, Гүлсары аттын тагдырын, Керимбек агасынын ж.б. шекерликтердин тагдыр-мүнөздөрүн кеп кылып калды, алардын мүнөздөрүндөгү, же кейп-кебетелериндеги, же дагы бир окуялардын майда илинчектери түрткү болгонун айтып отурду. Анан мындай деп кошумчалады: "Котормочулук да өзүнчө чыгармачылык, андыктан сен, биринчиден, кысынбай эркин котор, керек жерин сүйлөшүп тургунуң, экинчиден, аны биз макулдашылган дейбизби, орусча айтканда "авторизованный" деп беребиз. Сенин котормочулук укугуң сакталат…"

Албетте, мындай кадамга Айтматов жөн эле бара койбойт, "Айкашканы" окугандан кийин шекерлик үкөсүнүн талантына ишенген болуу керек да которууга биринчи эксперимент катары "Гүлсаратты" сунуш кылгандыр…

Айтматовдун айылдашы гана эмес, негизги котормочусу да. Ашым Жакыпбеков ошондон тартып Айтматовдун орусча жазган бир топ чыгармаларын ("Ботогөз булак" "Кызыл алма", "Делбирим", "Гүлсарат", "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт", "Кылым карытар бир күн", "Кыямат" – 1, 2-бөлүк, "Фудзиямадагы кадыр түн", макалаларын, маектерин) кыргызчага которгон. Ал улуу жазуучунун прототиптери шекерликтер болгон көп каармандарын билчү, алардын мүнөзүн, тилин да үйрөнгөн, демек, ал Айтматовдун чыгармаларын которууга туура тандалган котормочу болгон. Ошол эле кезде чыгармачылыгы гүлдөп турган 1978-1987-жылдарын, он жылдан ашык мезгилин бирөөнүн жазгандарын кыргызчалатуу менен алпурушуп отуруп, өз чыгармачылыгын экинчи планга таштап койду.

Ичти ачыштырган бир арман. Айылдаштардын чыгармачылык байланышы ийгиликтүү уланып жатты. Айтматовдун кыргызча которулган чыгармаларын "Ала-Тоо" журналы баса калып жарыялады, аягында котормочу катары Ашым Жакыпбековдун аты-жөнү да турду. Бара-бара Жакыпбековдун аты аталбай, жазуучунун үч томдук чыгармаларынын жыйнагы чыкканда такыр түшүрүлүп калды. Кийин котормочу "20 жылдай чыгармачылык өмүр сарп болду. Ага мен кейибейм. Айтматовдун чыгармаларын которуу мага чыгармачылык көп байлык берди. Болгондо же котормодо айтылбаса, же өз чыгармаларың жазылбай токтоп калса, ич күйөт. Буларды айтпай эле жүргөм, бирок адабият тарыхында, айрыкча Чыңгыз Айтматовдун улуу иштериндеги менин кичинекей үлүшүм көз жаздымда калса адилеттик болбос" деп айткан жери бар.

Тилчилер Айтматовдун тилин изилдейбиз деп Жакыпбековдун тилин изилдеп келишет. Себеби жазуучунун кыргызча тексттерин Ашым Жакыпбеков жазып жатпайбы…

Кыргыз маданиятындагы котормо өнөрүнүн туу чокуларынын бири. Таланттуу киши бардык жактан таланттуу болот. Ашым Жакыпбеков Стефан Цвейгдин новеллаларын которуп, "Бейтааныш аялдын каты" деген ат менен 1965-жылы китеп кылып чыгарган, ал эми Михаил Лермонтовдун "Биздин замандын уулу" повестинин ал таржымалаган китебинин кыргызчасы 1970, 1980, 1989-жылдарда үч жолу кайра-кайра басылган. Максим Горькийдин "Түпкүрдө" ("На дне") пьесасынын котормосу 1977-жылы Ош кыргыз драма театрында коюлуп, ага СССР Маданият министрлиги мыкты котормо үчүн даражалуу дипломун жана сыйлыгын ыйгарган. Антон Чеховдун "Эже-сиңди үч кыз", Аяз Гилязовдун "Алакандай жер" деген драмаларын кыргызчалаган. Окуу жайларында котормонун теориясы жана практикасы боюнча сабак өтүүдө Жакыпбековдун иштерин үлгү катары карап жүрүшөт. Эң мыкты котормом деп ал "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттү" атайт.

Жакыпбеков — атактуу редактор. Адатта, мыкты редактор орто чыгарманы жакшы чыгарма кылып чыгарат деп айтышат. Редакторлук талант — сейрек талант, ал баарына эле бериле бербейт. Көбүнчө анын иши көмүскө кала берет, убактысы, көз майы бекер эле кеткендей болот. Жакыпбеков 1958-жылдан 1961-жылдарга чейин анча-мынча айылга барып иштеп келгенин эске албаганда "Ала-Тоо" журналында бөлүм редактору болуп иштеди. Зоболосу бийик, окурмандары көп бул басылмада иштөө бардык эле жазуучунун эңсеген кыялы болсо да бул орун жаш жигиттин шыбагасына буйруптур. Өзүнүн да, башкалардын да мыкты чыгармалары ушул жылдарда ушул журналга жарыяланган. 1964-1965-жылдары "Кыргызмамбаста" редактор-кеңешчи, 1965-жылдан 1969-жылга дейре "Мектеп" басмасында редактор, редакция башчысы кызматтарын аткарат. Болгондо да балдар жана өспүрүмдөр адабияттарын чыгарат, адабияттын бул салаасы үчүн өкмөт менен партия аябай камын да көргөн, басмаларга талаптарды да катуу койгон. 1969-жылдан 1985-жылга чейин "Кыргызфильм" киностудиясында башкы редактордун орун басары, башкы редактору болуп ондогон кинофильмдердин, кинодубляждардын текстин редакциялоодон өткөрдү. Алардын ичинде "Өнөр жөнүндө баян", "Каныбек", "Чыңгыз Айтматов" аттуу тасмалар, "Советтик Кыргызстан" документалдык удаалаш киножурналдары бар. Азыр да көптөгөн титрлерден ысымы көрүнө калган Жакыпбековдун таланты, эмгеги ошол экран чыгармаларында да өчпөс болуп калды. 1985-жылдан Москва жактан "перестройка" дегени келип, кыргыздар да улуттук аң-сезимин коргоп, тарыхка, маданиятка, тилге кайрылып жатканда Жазуучулар союзунун төрагасы Чыңгыз Айтматов айылдашын, котормочусун адегенде 1985-1987-жылдарда союздун алдында "Манас" секторун ачып, ага кызматкер, 1987-жылдан союздун органы болгон "Кыргызстан маданияты" гезитине редактордун орун басары кылып жиберди. Ал бул кызматта жана башкы редактору болуп иштеген 1987-1993-жылдар гезиттин нускасынын көптүгү менен гана эмес, эч убакта басылбай, басууга мүмкүн болбой тургансыган тарыхый инсандар тууралуу материалдар, тил жана маданият маселесин көтөргөн публицистикалар, "кара сандыкка" катылган авторлор басылгандыгы менен тарыхыбызда калган. 1993-жылы "Манас-1000" дирекциясында башкы адис катары дале болсо кол жазмаларды иреттөө, басууга даярдоо боюнча эмгек кылды.

Ашым Жакыпбеков — киночу. Кино тармагында иштеген 16 жылда Жакыпбеков "Чолпонбай" киноповестин, "Касиеттүү көл", "Ата Журт" фильмдеринин сценарийлерин жазган. Анын жазгандарынын негизинде "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Көздүн кареги", "Айдагы жезкемпир" аттуу көркөм фильмдер тартылып, "кыргыз кереметине" кошулган.

Кыргыз маданиятынын улуу чыгармасы — "Теңири Манас" романы. 1985-жылы кайра куруу башталып, Жазуучулар союзунда "Манас" эпосун башка элдерге кантип жайылтабыз деген собол курч коюлуп, анын бир жолу — эпосту прозалаштыруу керек дешкен. Мындай ишти аткаруу эки талантка — Кеңеш Жусупов менен Ашым Жакыпбековго жүктөлгөн. Аларга жакшы шарт түзүлүп, "Арашандан", Ысык-Көлдөн жана Алма-Ата шаарындагы эс алуу жайларынан орун да берилген. Ар кимиси "Манасын" өзүнчө жаза баштап, кийин бириктирүүнүн зарылдыгы жок болуп чыгат. Ошентип, "Теңири Манас" жазылат. 1986-жылы башталган иш 1992-жылы бүттү делинет. Жакыпбековдун чыгармачылык бийиктиги — "Теңири Манас" романы. Роман эпос өзөктүү чыгарма, б.а. анын сюжети, образдары кыргыздын белгилүү баатырдык эпосунан алынган. Жакыпбеков "Теңири Манаста" өз алдына: абдан көлөмдүү эпостун урунттуу учурларын гана өзөк кылып алууну; эпостун реалдуу табиятын сактоо менен анда кийин кошулган исламдык идеядан тазалоону; ыр формасын кара сөзгө жана жорго сөзгө айландырууну; ашыкча майдаланган жерлерден аттап өтүүнү жана айрым бир керектүү делген жаңы эпизоддорду, окуя-образдарды киргизүүнү максат кылып койгон. Ал Сагымбай, Саякбай жана Жусуп Мамайдын варианттарынан пайдаланганы байкалат. Прозанын мыйзамына ылайык, ыр менен жеткире албаган жерлерди тереңдеткен, психологиялык учурларды дагы арбын кошкон. Ошол эле кезде эпостун өзөк окуяларын сактаган. Айрым учурда зарылдыгына карап эпизоддордун эпостогу ырааттуулугун башкача нукка салган. Романда Манастын туулушунан сюжеттик сызык башталып, эпостогу ага чейинки окуялар баланын туулганын бай Жакыпка сүйүнчүлөп бараткандагы Акбалтанын эскерүүсү катары берилет. Мындай учурлар башка жерлерде да бар. Бирок эпос да, роман да Манас баатырдын айланасындагы окуяларга көңүлдү топтоп, ошолорду өзөк кылып кармайт. Дастандагы урунтуу окуялардын баары негизинен камтылуу менен "Теңири Манаста" айтуучу үчүн оозеки формада зарыл, а түгүл керек болуучу майдаланган жерлер, кайталанган эпизоддор "каралбай өтөт". Демек, оозеки айтуучунун чыгармачылыгы сабатсыз угуучуга ылайыкталса, калем кармап кара сөзгө айланткан жазуучунун эстетикалык багыты сабаттуу, дүйнөлүк профессионал, реалисттик адабият менен таанышып калган бүгүнкү күндүн окурманына ылайыкталган. Эпос өзөктүү романда эпикалык каармандар фантастикалуу, мифологиялуу, байыркы рухтуу жүзү менен бирге эле реалдуу адамдык касиеттери, күнүмдүк тиричиликтеги көйгөйлөрү менен да көрүнөт жана ушул жагы аларды бүгүнкү бизге кыйла жакын алып келет. Ашым Жакыпбеков "Теңири Манас" романы менен кадимден келаткан белгисиз манасчылардын жана аты калып, ыры жазылбаган, ыры калып, аты таанылган манасчылык өнөрдүн салтын улаган инсан катары кыргыз маданиятынын тарыхына кирди, ал эпостун негизинде өзүнчө оригиналдуу көркөм чыгарма жаратты.

"Теңири Манастын" трагедиясы жана триумфу. Жазуучунун көп убактысы жана талант дарамети жумшалган чыгарма жазылып бүткөн учурда өлкө кризиске кептелип, басма тармагы талкаланып, китепти окурманга жеткирүүнүн мүмкүнчүлүгү болбой калган. Барбаган жери, кирбеген эшиги калбай, акыры айласы кеткен жазуучу китептин кол жазмасын Ак үйдүн алдына алып барып өрттөп саламын деп да жүрдү. Оор күндөрдө баласын кучактаган энедей кол жазмасын кучактаган жазуучу "Манас-1000" мааракесинин сценарийин жазуу камында Таласка жөнөмөк болуп жатканда капысынан кармаган оорудан каза болот. 1994-жылы 4-июнда көзү жумулган автордун ал китеби бир жылдан кийин гана жарык көрдү. Кайран киши китепти колуна кармап көрбөй, жүзүнө бир тийгизип албай, армандуу кетти… Анткен менен бул эмгек "Манас" мааракесинин эң башкы китеби болуп калды. 560 беттик көлөмдүү чыгарманы 1995-жылы "Ыйман-Инсан" фондусу 50 миң нуска менен чыгарды. Жарыяланары менен эле кызуу колдоого алынып, 1996-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды. Бул китепти Азамат Алтай англис тилине которуу ниетинде турганда ажал ал кишини да алып кетти…

"Шекерден — Теңирге" Жакыпбековдун көзү өткөндөн кийин анын шакирти, "Теңири Манастын" редактору, Мамлекеттик "Манас – 1000" дирекциясында чогуу иштеген кесиптеши Памирбек Казыбаевдин түзүүсүндө жана редакторлоосунда ушундай аталыш менен студенттик күндөлүктөрү "Учкун" басмасынан 2004-жылы жарык көрдү. Бул абдан кызыктуу, оригиналдуу китеп катары окурман журтун кубандырды.

Түркияда жогору бааланган карасөзчү. Жазуучунун прозалык чыгармалары "Биз атасыз өскөнбүз" деген аталышта китеп болуп 2008-жылы Түркиядан түрк тилинде басылып чыкты.

Обондуу ырлардын сөзү да Ашыкеники. Жакыпбеков экспромт менен ырларды, өзгөчө шарж жаза койгондун да чебери болгон. Мукан Рыскулбеков обондорун жазган "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильминдеги Гүлсүн Мамашева ырдаган "Издеп жүрөм" аттуу ырдын жана "Көчө" киносундагы "Аппагым" деген ырлардын текстин да Ашыкебиз жаза салган экен. Ал ырлар аталган тасмалардын көркүн чыгарат. Айтмакчы, "Аппагымды" өз жубайы Күкүн эжеге арнап жазган дешет.

Адамдык жеке сапаттары. Достору, улуу-кичүү Ашым Жакыпбековду эркелетип да, сыйлап да "Ашыке" деп турушчу. Ал комуз чертчү, бильярд ойногонду, ууга чыкканды жакшы көрчү. Анан да азил кептин, акырын күлө сүйлөп, жылдырып кеп айтып койгондун, азил-аскиянын чебери болгон. Көктүгү, айтканын бербеген өжөрлүгү бар эле. Тамекинин көк түтүнүн көккө үйлөп, машинкада чыгармаларын жазып отурчу.

Ашым Жакыпбековдун атында. Жазуучунун 80 жылдыгына карата 2015-жылы Шекердеги Күркүрөө маданият үйүндө музейи ачылды. Анын ысымы айылдын бир көчөсүнө, райондук борбордук китепканасына ыйгарылган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (290)

Тема боюнча

Алгач немисче жарык көргөн. Айтматовдун "Балалыгым" баяны тууралуу 7 факты
Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты
Синхрондук котормочулардын карлыгачы. Жумагүл Карагулова тууралуу 7 факты
Далай-ламага белек берген. Жазуучу Казат Акматов тууралуу 8 факты
Айтматовду ыйлаткан түн. Маймак айылы жана Маймак бекети тууралуу 7 факты
Белгилер:
"Теңири Манас", котормочулук, факты, Ашым Жакыпбеков, Чыңгыз Айтматов, Шекер айылы, Талас, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ