Ош шаары 2019-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот

© Фото / Кубаныч МолдокуловОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын түштүк борбору Казакстандын Түркстан шаарынан эстафетаны өткөрүп алды.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Ош шаары 2019-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болмокчу.  Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Тийиштүү чечим ТҮРКСОЙ мамлекеттеринин маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйынында кабыл алынган. Иш-чара Түркиянын Кастамону шаарында өткөн. Ош эстафетаны Казакстандын Түркстан шаарынан өткөрүп алмакчы.

Ош шаары. 1970 жыл - Sputnik Кыргызстан
Айтматов жана Ош шаары. Кызыктуу 10 факты
Аталган иш-чарада Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев доклад окуп, шаардын түрк дүйнөсүндөгү мааниси тууралуу айтып беришти. Сунуш президент Сооронбай Жээнбеков менен макулдашылганы айтылды.

Уюмдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов өз кезегинде туристтерди Ош шаарын көрүп кетүүгө чакырды.

Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун айтымында, кийинки жыйын да Ош калаасында өтмөкчү.

Бул Кыргызстандын шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жаткан биринчи учур. Түркстандан тышкары бул макамга Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казань (Татарстан) шаарлары ээ болгон.

Эскерте кетсек, ТҮРКСОЙ буга чейин 2014-жылды Токтогул Сатылгановдун, 2016-жылды Жусуп Баласагындын, 2018-жылды Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0