Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтүүдө

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чара 4-5-декабрда белгиленет.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Манас" кинотеатрында жана Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Өзбекстандын кино күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, маданий иш-чара 4-5-декабрга белгиленген.

Съемки кыргызско-узбекского кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды
Программа боюнча "Өзбеккино" киностудиясы тарабынан тартылган "Ришта", "Ата үйү", "Калптын желесинде" аттуу толук метраждуу көркөм тасмалар көрсөтүлөт.

Иш-чарага Өзбекстандын Кинематографисттер союзунун төрагасы, эмгек сиңирген артист Матьякуб Матчанов менен актер Улугбек Кадыров катышат.

Андан сырткары, 5-декабрда Бишкектеги "Космопарк" кинотеатрында саат 18.00дө Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте тарткан "Делбирим" тасмасынын бет ачары өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0