Ош облустук куурчак театры Айтматовдун "Чыпалак баласы" менен Лондонго кетти

Жазылуу
Буга чейин Бабур театрынын жамааты Лондондо "Ричард III" спектаклин көрсөткөн болчу.

ОШ, 4-дек. – Sputnik. Надыр Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын жамааты Улуу Британиянын Лондон шаарында Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Чыпалак бала" чыгармасын сахналаштырып көрсөтөт. Бул тууралуу аталган театрдын директору Алымкул Исаков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жети кишиден турган чыгармачыл топ 2018-жылдын 2-декабрында Лондонго жөнөп кетти.

"Аталган шаарда "Чыпалак бала" чыгармасын бир жума бою көрүүчүлөргө тартуулайбыз. Ал үчүн жамаат күнү-түнү даярданды. Каржы маселесине Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, жеке тараптар колдоо көрсөтүштү. Буга чейин Бабур атындагы өзбек улуттук драма театры да Лондонго барып, "Ричард III" спектаклин көрсөткөн болчу", — деди Исаков.

Демилге Султан Раевдин долбоорунун негизинде ишке ашырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0