Облустардын кире бериши. Укмуштуу сүрөттөр!

© Фото / Жетиген ТакеновРабота дизайнера Жетигена Такенова
Работа дизайнера Жетигена Такенова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш дизайнер Кыргызстандагы жети облустун кире беришинин иллюстрациялык сүрөттөрүн социалдык тармакка жарыялады.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Дизайнер Жетиген Такенов Кыргызстандын жети облусунун кире беришинин иллюстрацияларын Instagram менен Facebook баракчасына жарыялады.

Ал буга чейин да Бишкек шаарындагы имараттардын иллюстрациялык сүрөттөрүн чыгарган болчу.

Графикалык дизайнер бул иш менен бош убактысында гана алектенет. Социалдык тармакка жарыяланган сүрөттөр бир нече айда даярдалган.

Жалал-Абад шаарынын кире беришине коюлган Курманбек баатырдын эстелиги.

Нарын шаарына кирип баратканда жол четине коюлган илбирстер.

Талас облусунун кире беришине коюлган арка.

Баткен облусунун астанасына коюлган архитектуралык объект.

Ысык-Көл облусу. Көл жээгине коюлган аттракцион.

Сулайман-Тоонун жанына салынган мечит. Анын архитектурасы өзгөчө.

Жетиген Такенов Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктаган. Учурда шаардагы дизайнерлик компаниянын биринде арт-менеджер.

Былтыр ал Бишкек шаарындагы имараттардын көз кубанткан сүрөттөрүн жарыялаган болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0