07:35 17 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Талас облусунун Шекер айылы. Архивдик сүрөт

Ааламга Айтматовду берген жана Айтматов дүйнөгө даңктаган Шекер тууралуу 16 факты

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (245)
944 0 0

Талас өрөөнүнүн батыш жагында жайгашкан Шекер айылы Кыргызстандын башка көптөгөн кыштактарынан эч кандай айырмасы деле жок сыяктанат: үйлөрдөн башталган дөңсөөлөр, адыр-жондор, андан ары тоолор, андан ары асман мелжиген аскалар.

Дал ошол аскалардагы мөңгүлөр эрип, аларга булактар кошулуп, Күркүрөө дайрасын түзүп, ал дайра шекерликтерге жашоо тартуулап кылымдарды карытып келет. Кыргыздын башка айылдарынан айырмаланган жери — бул айыл ааламга таанымал уулубуз Чыңгыз Айтматовду берген. Азыр Шекерге Айтматовдун айылын көрүү үчүн дүйнөнүн туш тарабынан келишет, бул агым жыл өткөн сайын көбөйүүдө.

Мына ушул Шекер айылы тууралуу 16 фактыны сунуштайбыз.

1. Чыңгыз Айтматовдун туулган жери такталбай келет. Ушул кезге чейин анын туулган жерин Талас облусундагы Киров районунун Шекер айылы деп келебиз. Чынында Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул 1927-жылдын март айында Кыргыз АССРинин Жалал-Абад контондук комитетине жооптуу катчы болуп дайындалат. Ошол эле учурда апасы Нагима Хамзаевна адегенде комсомолдун Жалал-Абад шаардык комитетинин секретары, кийин кантондук аткаруу комитетинин секретары катары кызматка кеткен. Анан Төрөкул Айтматов Ош шаарына келип 1929-жылга дейре республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын төрагасы кызматын да аткарган. Демек, 1928-жылы 12-декабрда жарык дүйнөгө келген Чыңгыз Төрөкуловичтин туулган жери же Жалал-Абад, же Ош шаары болуп чыгат. Илгиз Айтматов Фрунзеде, Роза Айтматова Москвада туулган. Бирок булар дүйнөгө шекерликтер катары таанылды.

2. Шекер – Кыргызстандын картасында. Шекер — Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура айылына караштуу кыштак. Шекер айыл округунун борбору. 5700дөй калк жашайт. XX кылымдын башында отурукташкан айылга айланган. Калкынын курамы бир улуттуу — кыргыздар, уруусу— шекерликтер. Шекер деген ат айылдын баш жагында шекер салынгандай таттуу суу бар үчүн ошентип аталып калган деген жоромол менен байланыштырылат. Айыл түштүк жагынан Көк-Сай, түндүк жагынан Аманбаев атындагы айыл менен чектешсе, батыш жагы Казакстан менен чек аралаш.

3. Шекерди аралап аккан Күркүрөө суусу. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан көп жеринде бул суу тууралуу айтылат. Дайра Талас Ала-Тоосунун Манас чокусунун жана Байдамтал, Чыңгыз ашууларындагы мөңгүлөрдөн башталат. Көгөндү, Аташ-Чапкан деген куймалары бар. Узундугу 56 чакырым, алабынын аянты 454 чарчы чакырым. Терс деген суу менен кошулуп, Асса дайрасын түзөт. Боюнда Шекерден башка Көк-Сай, Арчагул, Кайнар, Аманбаев айылдары жайгашкан. Суусу Казакстанга агып өтөт.

4. Манас-Ата чокусу. Айылдын бардык жагынан Манас-Ата тоосу көрүнөт. Манас-Ата — шекерликтердин сыймыгы, айылдын символу. 

Памятник великого кыргызского писателя Чынгыза Айтматова в селе Шекер Кара-Бууринского района Таласской области.
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Памятник великого кыргызского писателя Чынгыза Айтматова

5. Айтматовдорду күтүп алган Шекер жана шекерликтер. Чыңгыз Айтматов "Балалыгым" баянында мындай деп жазат: "1937-жылдын 1-сентябрын өмүр бою унутпаймын… Беш күндөн кийин түнкү саат экилер чамасында көздөгөн Маймак станциясына келип жеттик. Туугандарыбыз бизди күтүп жатышыптыр. Алар даярдаган арабаларына салды да, биз Шекерди көздөй жөнөдүк. Ата журтубузга — Шекерибизге. Ошентип Шекерде жашап калдык…" Төрөкул Айтматов 1937-жылы өзүнүн өлүмү жакындап келе жатканын билген болуу керек, аялы Нагиманы жана балдарын Шекерге жиберет, аларды жубайынын Караколдогу төркүндөрү да, Фрунзе шаары да сактай албайт, бир гана сактаса Шекер жана шекерликтер сактайт деп ойлойт.

6. Шекердеги балалык жана жаштык. Чыңгыз Шекерде мектепте окуду, согуш убагында сельсоветтин катчысы, финагент, а түгүл мугалим да болуп иштеди. Кийин ошол жерден Жамбылга, андан соң Фрунзеге окууга кетти, кайра келип зоотехник болуп эмгектенди, кыскасы, өмүрүнүн чейрек кылымга жакын убактасын Шекер менен байланыштырды. Ошон үчүн бул айыл ал үчүн башкача бир сезимдерди жаратат.

7. Чыңгыз Айтматовдун жүрөгүн толкуткан айыл. Жазуучу "Манас-Атанын ак кар, көк музу" аттуу очеркинде "…ар булактын чордону бар сыңары, Мекен деген алп сөздүн кут түшкөн очок сыяктуу, алакандай борбору болот эмеспи. Менин мекеним Шекер айылы….Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт", — деп аталган чыгармасында согуш учурундагы өзү көрүп-билген Шекер айылы жана шекерликтер тууралуу сөз кылат.

8. Шекер — Айтматовдун капиталы. Бул тууралуу жазуучу адабиятчы Левченко менен маектешүүсүндө мындай дегени бар. "Мен ар бир жазуучунун өзүнүн эсеп чекити, жер менен тутумдашуу чекити болуш керек деп ойлойм. Албетте, аны менен катар бүт тажрыйба, шаар турмушу, башка жерлерди кыдырып көрүү жана башкалар чогуу синтезде болушу зарыл. Финансисттердин тили менен айтканда, Шекер — менин негизги капиталым, а калган нерселердин бардыгы — башка жактардан алынган кошумча каражаттар". Дагы бир макаласында: "Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айлым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык. Анткени менин башатым — ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, туулуп-өскөн жердин тирлик тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы — бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин", — деп белгилеген.

9. Фолкнердин Йокнопатофасы жана Айтматовдун Шекери. Америкалык атактуу жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Уильям Фолкнер өзүнүн "почта маркасындай" кичинекей айылын, андагы адамдарды жаза берип дүйнөгө таанылган. Ал эми Айтматовдун каармандары: Ысмайыл менен Сейде, Толгоной менен Жамийла, Танабай менен Гүлсарат, Дүйшөн менен Алтынай да Шекерден жана шекерликтерден алынган образдар.

10. Чыңгыз Айтматов менин айылымдан. Бир жолу жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбековду "бул жигит Чыңгыз Айтматовдун айылынан" деп тааныштырса, Ашыке куудулданып, "жок, Чыңгыз Айтматов менин айылыман" деген экен. Бул айылдан академик Илгиз Айтматов, жогорудагы таланттуу жазуучу жана Чыңгыз Айтматовдун бир топ чыгармаларын эне тилине мыкты которуп берген Ашым Жакыпбеков, кыргыз театр өнөрүнүн туу чокуларынын бири актёр жана режиссёр Капар Медетбеков сыяктуу инсандар чыккан.

11. Айтматовдун жабык музейи. Шекерде "Күркүрөө" клубунда Чыңгыз Айтматовдун музейи иштейт. Ал жазуучунун 50 жылдыгына карата курулган. Анда жазуучунун колдонгон буюмдары, кийген кийимдери, жарыяланган китептери коюлган.

12. Ачык асман алдындагы музей. Шекерде айылдын чет жагында жазуучунун каармандарынын айкелдери чегилип коюлган. Он бештей таш эстелик орнотулган. Аларга таштарды өткөн кылымдын 90-жылдары Өзбекстандан ташып келип, чегелешкен. Бирок бүтпөй калган.

13. Дүйшөндүн кош тереги. "Биринчи мугалим" повестиндеги Дүйшөндүн мектеби, анын кош тереги да Шекер айылынын үстү жагында турат.

14. Танабайдын алма багы. Айылда "Гүлсарат" повестинин башкы каарманы Танабайдын атын алып жүргөн алма бак да өстүрүлгөн.

15. Шекердин мектеби Төрөкул Айтматовдун атында. Мектеп бул ысымды 1992-жылдан бери алып жүрөт. Мектеп алдында Төрөкул Айтматовдун эстелиги орнотулган.

16. Шекердин келечеги. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Шекер айылында 20 гектар жерге "Чыңгыз-Ордо" комплекси курулат деп белгиленип жатат.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (245)

Тема боюнча

Айтматовдун "Манас-Атанын ак кар, көк музу" чыгармасы жөнүндө кызыктуу 8 факты
"Кыямат" романы тууралуу кызыктуу 13 факты. Айтматовго "айланган" карышкыр
Белгилер:
мекен, Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов, Шекер айылы
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ