Мамлекеттик кызматкерлер "Айтматовдун ааламы" менен таанышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков посетил дом-музей писателя Чынгыза Айтматова
Сооронбай Жээнбеков посетил дом-музей писателя Чынгыза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстанда жана дүйнөнүн булуң-бурчунда залкар талант Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө мамлекеттик кызматкерлер үчүн режиссер Бакыт Карагуловдун "Айтматов ааламы" аттуу тасмасы көрсөтүлө турганын Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 30-ноябрда болот, ал улуу жазуучунун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өтүүдө.

"27-октябрь күнү ушул мааракенин алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Андрей Кончаловскийдин "Биринчи мугалим" тасмасы көрсөтүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми 4-декабрда Кино үйүндө СССР эл артисти Муратбек Рыскуловдун 110, КР Эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 100 жана Искендер Рыскуловдун 60 жылдыгына арналган иш-чара өтүп, Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасы тартууланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0