Топ-15. Эл-журтка каймана аты менен таанылган ырчылар кимдер?

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Урмат Усенов жана Неля. Архив
Ырчы Урмат Усенов жана Неля. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ырчылар чыгармачылык үчүн стилин, имиджин, өң-келбетин, жадагалса аты-жөнүн алмаштырып же каймана ат алгандары жашыруун эмес. Өнөрпоздор бул туурасында ЖМКларга берген маектеринде айтып келишет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз шоу-бизнесиндеги ырчылардын кимиси жана эмне себептен экинчи ат менен чыкканына кызыкты.

© Фото / Сабина ТалиповаЭстрада ырчысы Назгүл Токтакунова
Кыргызстанская певица Назгуль Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Эстрада ырчысы Назгүл Токтакунова

1. Эстрада ырчысы Назгүл Токтакунова акыркы жылдары Yella каймана аты менен чыгып жүрөт. Өзү бул боюнча "Мени бардыгы Назгүл эмес, "Сары", "Сарышка", "Сарышкин" деп айтышат. Yella — англис тилинин yellow (кыргызча "сары" — ред.) сөзүнөн алынды. "Заманбап" тобунун рэпери Каспер менен кеңешип сахнадагы ысымымды өзгөрттүк. Эл аралык аренага багыт алгандан кийин атым элге сиңимдүү болушу керек",  — деп айткан бизге берген маегинде.

© Фото / Назира БактыбековаЫрчы Нурлан Насип
Популярный кыргызский певец Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Нурлан Насип

2. Нурлан Насип өлкөдөгү популярдуу ырчылардын сап башында. Ал чыгармачылык карьерасы үчүн Нурланбек Насыпбек уулу деген аты-жөнүн кыскарткан.

3. Ырчы Омар — Өмүрбек. Өзүнөн улуу байкеси чарчап калганына байланыштуу чоң атасы узак жашасын деп Өмүрбек койгон. Ырчынын бул тууралуу "Жакындарым менен кеңешип Омар деп чыгууну туура көрдүм. Бирок арабча деле "Ома" деген сөз "өмүр" дегенди билдирет. Мындай караганда өз атымды эле алып жүрөм",— деп айтканы бар.

4. Дагы бир эстрада ырчысы Өмүрбек Андарбековдун сахнадагы аты Ома. Ал коомчулукка "Сага", "Махабатым", "Сары-Ой" ырлары менен таанымал.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын эң эле таанымал ырчыларынын бири Гүлнур Сатылганова
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң эле таанымал ырчыларынын бири Гүлнур Сатылганова

5. Кыргызстандын элге эң эле таанымал ырчыларынын бири Гүлнур Сатылганованын азан чакырылган аты — Күннур. Ырчынын ысымын апасы Айнур деген эжесине окшоштуруп ыйгарган. Бирок төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүккө Гүлнур деп жазылып калып, кийин ошол боюнча аталып калган. Баса, ырчыдан "Сиз Токтогул Сатылгановдун небереси эмессизби?" деп көп сурашат. Өзүнүн айтымында, чоң атасы Сатылган улуу акын Токтогул Сатылганов менен жакшы ымалада болгон.

© Фото / предоставлено Алиной ЖетигеновойЫрчы Алина Жетигенова
Певица Алина Жетигенова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Алина Жетигенова

6. Алина Жетигенова ысымын эки ирет өзгөрткөн. Апасы ырчыга алгач Гүлнара деген ысым берген. Бирок чоң апасы Гүлжакан небересине өзүнүн ысымына окшоштуруп Алмакан деген ат ыйгарган. Студенттик убакта жатаканада чогуу жашаган Айнура аттуу кыз ырчынын Алмакан атын Алина деп өзгөртүүнү сунуштаган. Бул чыгармачылыгына байланыштуу болгон.

7. Жашоодо жана сахнада ар дайым күлүп-жайнап жүргөн өнөрпоз Нэнанын өз аты — Мадина. Ал эми эмнеге Нэна аталып калганы өзүнчө окуя. Чоң атасы Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасына таасирленип, баласын Тариэль, анын уулун Автандил атаган. Тариэль кызын Нестан атагысы келген, бирок туугандары каршы чыккандыктан Мадина коюшкан. Болочок ырчы карьерасы үчүн бир кезде коюлбай калган аты Нестанды кыскартып Нэна болгон.

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаШоумен, пародист жана ырчы Мерген Турган
Певец и шоумен кыргызской эстрады Мерген Турган - Sputnik Кыргызстан
Шоумен, пародист жана ырчы Мерген Турган

8. Белгилүү шоумен, пародист жана ырчы Мерген Турган калың элге таанымал эмеспи. Өнөрпоздун аты өзүнүкү болгону менен фамилиясы Ырсалиев. 1993-жылдары атасы Турган каза болгондон кийин анын атын өчүрбөйүн деп коомчулукка Мерген Турган болуп чыгат.

© Фото / СинемАртЫрчы Назми Байзакова
Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Назми Байзакова

9. Ырчы Назми Байзакованын өз аты Назгүл экенин да көбү биле бербесе керек. Таенеси мурда жомоктогу Назми ханышанын атын ыйгаралы деп жүрчү экен. Бирок өзүнүн апасы "Кийин кайсы кемпир десе, Назми кемпир деп айтмак беле" деп болбой коет. Назгүл сахнага чыкканда аты элге сиңимдүү болсун деп Назми болуп чыккан.

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Урмат Усенов жана Неля
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Урмат Усенов жана Неля

10. Кыргыз шоу-бизнесиндеги ажарлуу айым Нэлянын өз аты Элмира. Курбулары Эля деп эркелетип жүргөндүктөн, ошол эле сөзгө "Н" тамгасын кошуп, сахнага "Нэля" деген ат менен чыккан.

11. Кепканы кыйшайта кийип, рэп ырларын аткарган Добрдын чын аты Адилет, ал эми фамилиясы Добранов. Сахнага фамилиясын Добр деп кыскартып чыккан. 

12. Дагы бир рэп аткаруучу Бегиштин аты-жөнү — Бегалы Белекбаев.

13. Бир кезде жылдызы жанып, учурда тыным алган ырчылар бар. Алардын катарын Айдин Шер толуктайт. Өз аты Алмаз. "А" ырчынын баш тамгасы болсо, Дин ошол кездеги продюсери Динара Эсенгуловага байланыштуу коюлган.

 

14. "90-60-90" ыры менен эл оозуна алынган Сема аттуу ырчы өнөр жолу үчүн Самарбек атын кыскарткан.

15. Бет кабын чечпей рэп аткарган Тата Улан эсиңердеби? Аты өзүнүкү болгону менен фамилиясы Карымбаев. Тата чоң атасынын ысымы экендигин түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0