Көрүүчүлөр 2018-жылдагы эң мыкты тасмаларды аныктады. Тизме

© AP Photo / Marvel StudiosСъемки фильма "Мстители: Война бесконечности"
Съемки фильма Мстители: Война бесконечности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмалардан сырткары, кино сүйүүчүлөр мыкты актер, актрисаны дагы тандашкан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Америкада жыл сайын өткөрүлчү People's Choice Awards сыйлыгынын версиясы боюнча Marvel студиясынын "Мстители: Война бесконечности" тасмасы 2018-жылдын эң мыкты киносу деп табылды. Бул тууралуу ENews порталы жазды. 

Сыйлык тапшыруу аземи 12-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Моника шаарында болгон.

Кино көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен төмөнкү тасмалар мыкты аталды:

Мыкты тасма болуп Marvel студиясынын тасмасы аталды.

Мыкты драма — Жеймс Фоулинин "Пятьдесят оттенков свободы" тасмасы;

Мыкты комедия — Сузанна Фогелдин "Шпион, который меня кинул" тасмасы;

Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
Москвада Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын декадасы өтүүдө
Эң мыкты үй-бүлөлүк тасма — "Суперсемейка 2" мультфильми.

Мындан сырткары, көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен мыкты актер, актриса дагы аныкталган. Эркектер арасында "Черная пантера" тасмасында роль жараткан Чедвик Боузман жеңүүчү аталды. Ал эми "Мстители: Война бесконечности" киносундагы Скарлетт Йоханссон эң мыкты актриса деп таанылды.

People's Choice Awards — көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен поп-маданияттын өкүлдөрүнө сыйлык тапшырылат. Сыйлык 1975-жылдан бери берилип келет. 2005-жылга чейин жеңүүчүлөр социалдык сурамжылоонун негизинде аныкталып келген. Кийин интернет аркылуу добуш берүү уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0