Бишкекте Кыргызстан жаштарынын күнү белгиленет

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПраздничные мероприятия, приуроченные ко Дню белого калпака в Оше
Праздничные мероприятия, приуроченные ко Дню белого калпака в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жана Каба уулу Комомкул атындагы Спорт сарайында өтүп, ага жаш лидерлер катышат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстан жаштарынын күнүнө карата 12-13-ноябрда республикалык конгресс өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга кайсы өлкөдөн көп келип окушарын Статком маалымдады
Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жана Каба уулу Комомкул атындагы спорт сарайда өтүп, ага жаш лидерлер катышат.

Конгресстин алкагында жаштардын мыкты долбоорлору менен демилгелери көпчүлүккө сунушталып, 2020-2030-жылдарга карата жаштар саясатынын концепциясы талкууланат. Андан сырткары, Кыргызстан жаштарынын өнүгүүсүнүн индекси көрсөтүлөт.

Мындай иш-чаранын максаты мамлекеттеги жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаштарды тартуу болуп саналат.

Кыргызстан жаштарынын күнү 10-ноябрда белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0