Таласта балдар Айтматовдун жараткан образдарын сахнага алып чыгат

© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүү"Саманчынын жолу" спектакли. Архив
Саманчынын жолу спектакли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Талас облустук музыкалык-драма театрынын базасында Кыргызстандын 13 мектебинин балдарынын катышуусунда өтөт.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Талас шаарында "Айтматов жана театр ааламы" деп аталган биринчи балдар фестивалы өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

Анда "Устат-шакирт" борборунун "Умтул" мектеп театрларынын тармагы даярдаган спектаклдер тартууланат. Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине жана аймактарды өнүктүрүү жылына арналган.

Фестиваль Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театрынын базасында Кыргызстандын 13 мектебинин балдарынын катышуусунда 11-17-ноябрда өтмөкчү.

Андан сырткары, Тажикстандын Душанбе шаарындагы көркөм мектептин тарбиялануучулары жергиликтүү режиссер Бахтиёр Кахаровдун жетекчилиги менен келери кабарланды.

"Фестивалдын максаты — театрдын, адабияттын, музыканын, көркөм сүрөт өнөрү менен искусствонун жардамы менен балдарга эстетикалык жана мекенчилдик тарбия берүү", — деп жазылат маалыматта.

Визит президента Сооронбая Жээнбекова в Ош - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Айтматовдун алтын балалыгы Сулайман-Тоонун этегинде өткөн
Ал эми анын милдети балдар театрларын өнүктүрүү, жаш артисттерди Айтматов жараткан образдарга жакындатуу экендиги айтылат. Андан сырткары, уюштуруучулар балдарга чыгармачылык боюнча тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп берүү каралгандыгын кошумчалашкан.

2018-жылы Кыргыз Эл жазуучусу, классик, залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы масштабдуу белгиленип жатат. Юбилей эл аралык уюмдардын алкагында да белгиленип, Айтматов боюнча бир топ форумдарды, конференцияларды өткөрүү пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0