09:56 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Үй. Архивдик сүрөт

Чавадан, жылаажын, баргек, түрпү... Сейрек сүйлөнгөн сөздөргө саякат

© Sputnik / Эмиль Садыров
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (51)
587 0 0

Азыркы заманда сөз байлыгын кеңейтүү үчүн көркөм чыгарма бул жакта калсын, катардагы китепти окуганга убакыт жоктой сезилет. Кээде күнүнө 15 сөз болсо да билип алсам дейсиң.

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында Амантур Акматалиевдин "Кыргыздын кол өнөрчүлүгү" китебин пайдалануу менен бир катар сөздөрдү чечмелейбиз.

Абдырына — төшөктүн аяк-башына жазданууга атайын ылайыктала жасалган жыгач буюм. Бул кыргыздар отурукташкандан кийин көбүрөөк колдонула баштаган. Жыгаччылар муну сыйдалап кармап, кооз буюм катарында урунууга аракеттенишкен. Көчмөн жана жоокерчилик турмушта төшөктүн аягы жапыс көрүнсө, ээр анын үстүнө желдик же тердик, кийиз өңдүүлөрдү коюшкан. Улуулардын айтымдарында, кечке ат минип жүргөндөрдүн кан тамырлары эс алып, буттун чоюлуп, жазылышына шарт түзөт;

Аламач — шырдактын ортолук оюму (борбордук оюму) менен жээк оюмун (четтик оюмун) бөлүп туруучу түр. Көбүнчө ак-карадан, кара-сарыдан берилип, "ала мончок" деп да аталат.  Ал "араа тиш оюмдан", "тумарча оюмдан", "ийрек оюмдан", "ит куйрук оюмдан", "бадам оюмунан", "бычак учу оюмдан" түшүрүлөт. Аламач  буюмдун четине да, ортосуна да коюлат. Айрыкча, ак жана кара өңдүү буюмдун түсүн аттын кашкасындай ачып, жалпы эле кийиздин ажарын өзүнө оодарып турат. Ошондуктан, мунун четине көбүнчө "тумарча оюму", ортосуна "бадамча оюму" түшүрүлөт;

Аргамжы — эшме өнөрү аркылуу бүткөн буюм. Аркандын кыскараагы. Бир нерсени байлоо, таңуу үчүн пайдаланылат. Аны да аркан сыяктуу кылдап, топоздун, эчкинин кылтагынан кыл аралаштырып, эшип жасашат. Элде "атты, уйду аргамжыла", "атты, уйду, малды арканда" деген сөз эгиз айтылат;

Бараң — оозунан дүрмөттөлгөн, найы узун сайлуу, шыйрактуу мылтык, усталардын колунан чыккан кыргыз мылтыгы. Шыйрак коюлуп, сай чыгарылат. Мунун илгери "алма баш", "көк жал", "тыргоот", "ак бараң", "чаар бараң", "алты сай", "кара келте" өңдүү түрлөрү болгон. Бараң ар кандай формада, узун-кыска жасалышына карата мына ушундайча айтылат;

Баргек — зер буюму. Кыз-келиндерибиз кыргак сымал чекеге тартып кийүүчү же олоң чачына тагына турган күмүш жасалга. Мындай нускага зергерлер күбөк, сөйкө, желбирөөчкө узангандай "себет төгүү", "зым тордоо", "сирке төгүү", "зым эшүү" өңдүү ыкмаларды колдоно алышат. Алар бири-бирине аябай үндөшүп турат;

Көбөө — бут кийимдин кончунун, башка кийимдердин жакасынын, жеңинин, тегинин, багалегинин,  талаасынын, кырбуусунун жээгине бастырылып тигилген башка түстөгү кездеме. Ал  жууркан-төшөк, төр көрпө, көлдөлөң, кийиз, күзгү кап, аяк кап, баштык, тердик ж.б. буюмдардын четине бөздөн, таардан, көрпөдөн, кийизден да бастырылат;

Түрпү — жыгач усталардын аспабы. Мунун эки түрү бар: кесек тиштүү түрпү, майда тиштүү түрпү.  Мындай аспап жыгачтарды жылмалоо менен бирге, анын тулкусуна жик (наар) калтырып кетет. Албетте, бул жиктердин боз үйдүн жыгачын жошолоодо чоң мааниси болот. Ага жошо мыкты жугат. Ал эми кесек түрпү менен жыгачтын бутактуу жери сыйдаланат;

Чавадан — жаздыктын алдынан башка жаздалуучу, жүккө жыюуда өзүнчө көрк ыроолочу сеп катары кызга берилүүчү килемче. Анын ичинде кебез же саман салынып, калган бөлүгү бөздөн, таардан тышталып урунулган. Шарт жагдайга жараша, кээде кадимки жаздык катары да колдонулган.

Чарпая (супа) — төрт буттуу секиче. Бул — аймактык бөтөнчөлүктөрү бар жыгач буюму. Коомдук жайларда, чайканаларда же үйлөрдө турмуш-тиричилик үчүн чарпаянын мааниси зор. Мында төрт-беш адам жайынча отурат, тамак ичет, эс алат, төшөк салып уктоого да болот. Ал өзүнчө куттуу жайды элестетет;

Чыгдан — (ашкана). Ичине идиш-аяк, тамак-аш коюлуучу чийден жасалган боз үйдүн эпчи жаккы бөлүгү;

Шалча — дубалга тартылуучу, көчкөндө эмерек таңылуучу, жерге төшөлүүчү эндүү жасалган таар буюму;

Ычкыр (ич кур) — бел курдун бир түрү. Шымга байланат. Анын жиби алты талдан башталып, жыйырма сегиз талга чейин жетет. Ар түрдүү өңдөгү жиптерден чалынгандыктан кооз көрүнөт;

Тогоо (сагалдырык) — кайыштын көзчөсүнө бел курдай кирип, бекип турган төрт бурчтуураак шөкөт,. Катылган жүгөн шыпырылып кетпеш үчүн, алкымдын астына салынган ат жабдыктын бири бөлүгү;

Мистөө — жездин бетине калай жугузуу. Усталар жездин сары, кызыл түрлөрүн билет. Мындай жаркырак металлдардан ат жабдыктардын көркөм шөкөттөрүнөн, кыз-келиндердин өздүк кооз буюмдарынан башка мис табак, аптаба, чөөгүн, чайнек өңдүү идиш-аяктарды ойдогудай жасап алышкан.

Көнөк — шири идиштеринин бир түрү. Бээ саачу, кымыз куюучу, кыскасы, актын касиетин узакка ойдогудай сактоочу шири идиш.

Жылаажын — желпинүү аркылуу үн чыгарып, көбүнчө алгыр куштарга тагылуучу кичинекей коңгуроо. Адатта, уук учтук боз үйдүн эшигин ачып жабууда эпкин менен термеле түшөт.

Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (51)

Тема боюнча

Мастит, матка, климакс... Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча аталышы
Жувалдыз менен бостекти көктөй калчы... Диалектини дитиңе тутуп ал
Белгилер:
кол өнөрчүлүк, сөз, тибиртке, Амантур Акматалиев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ