Бишкекте Шүкүрбек Бейшеналиев эскерилет

© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүүКыргыз Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин архивдик сүрөтү
Кыргыз Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө Бейшеналиевдин китептери, гезит-журналдарга чыккан макалалары жана фотодокументтер коюлат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бүгүн, шейшембиде Кыргыз Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгына арналган "Баркы бийик балдар жазуучусу" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканадан билдиришти.

Актер Муратбек Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Рыскуловдор менен Күмүшалиевага арналган спектакль коюлат
Көргөзмөгө Бейшеналиевдин китептери, гезит-журналдарга чыккан макалалары, фотодокументтер, цитаталар жаңы чыккан чыгармалар жыйнагынын үч томдугу коюлат.

Ага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданияттын, илимдин кызматкерлери, жана студенттер катышат.

Шүкүрбек Бейшеналиев 1928-жылы октябрь айында Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган. Жазуучунун адабият жолундагы эмгеги жогору бааланып, "Элдердин достугу", үчүнчү даражадагы "Манас" ордени, "Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер" наамдарына ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0