02:17 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Маданият

Чокморов Аринбасарованы эмнеге "таарынтты"? "Уландагы" таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (83)
809 0 0
Чокморов Аринбасарованы эмнеге таарынтты? Уландагы таберик сүрөт
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, актриса Наталья Аринбасарова менен СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү 1977-жылы тартылган. 

Ошол жылы белгилүү режиссер Төлөмүш Океев "Улан" тасмасын тартып, Чокморов башкы каарман Азаттын ролун аткарса, Аринбасарова анын келинчеги Гүлсаранын ролун жараткан.

Арактын айынан үй-бүлөсүнөн, кызматынан айрылып, түрмөгө камалган адамдын тагдырын баяндаган фильмди тартуу учурун Наталья Аринбасарова мындайча эскерет.

"Бул тасмадагы ролду аткаруу психологиялык жактан өтө оор болгон. Анда ый, ызы-чуу, муштарды жаратуу керек эле. Үйдө эркектин ичкиликке берилип кетиши — чоң трагедия. Режиссер Төлөмүш Океев жасалмалуулукту сүйчү эмес, образды болушунча ачып берүүнү талап кылчу. Сүймөнкул аябай адамгерчиликтүү, иштин майын чыгарган, кино үчүн жаралган адам эле. Аны менен иштешүү аябай жеңил болчу. Өмүрү узак болгондо көптөгөн фильмге тартылмак. Кыргызстан менен коңшу Казакстандын киночулары үчүн ал табылгыс актер болчу", — деп эскерет актриса.

Коомдогу аракечтик маселесин чагылдырган тасмада Аринбасарова менен Чокморовдон сырткары Вацлав Дворжецский, Асанкул Кутубаев, Арсен Өмүралиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Гүлсара Ажыбекова, Жапар Садыков образ жараткан.

Эмгек ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталып, 1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрлук иши, ал эми Сүймөнкүл Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Андан сырткары, Ташкенттеги V Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында ошол эле номинациялар боюнча жеңишке жетишкен.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (83)

Тема боюнча

Илбирс менен алышкан Саяк. "Ак илбирстин тукуму" тасмасынан таберик сүрөт
Чыңгыз Айтматов менен Алиман Жангорозова. "Фудзиямадагы кадыр түндөн" таберик сүрөт
Эңишке түшкөн Орозбек Кутманалиев менен Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Наталья Аринбасарова, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ