Бишкекте даун синдрому менен жабыркаган балдар мода көргөзмөсүнө катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдар мода көргөзмөсү. Архив
Балдар мода көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн балдарынын өзгөчө иш-чарасы 20-октябрь күнү Hyatt Regency Bishkek мейманканасында болмокчу.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Борбор калаада даун синдрому менен жабыркаган балдар катышкан мода көргөзмөсү уюштурулат. Бул тууралуу "Сантерра" ата-энелер фондунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, күн балдарынын өзгөчө иш-чарасы 20-октябрь күнү Hyatt Regency Bishkek мейманканасында болмокчу.

"Подиумга даун синдрому менен жабыркаган чоңдор жана балдар чыгат. Максаты — синдром оору эмес экенин көрсөтүү", — деди уюштуруучулар.

Мода көргөзмөсү саат 16:00дө башталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0