Ала-Арчада эс алган Айтматов менен Шаханов. Калемгерлердин таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Чыңгыз Айтматов менен Алиман Жангорозова. Фудзиямадагы кадыр түндөн таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов менен Алиман Жангорозова. "Фудзиямадагы кадыр түндөн" таберик сүрөт
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, орус акыны Евгений Евтушенко жана казак акыны Мухтар Шахановдун сүрөтү 1996-жылы Ала-Арча капчыгайында тартылган.

Ал жылы Айтматовдун демилгеси менен экинчи Ысык-Көл форуму уюштурулуп, ага бир топ кадыр-барктуу чет элдик коноктор Бишкек шаарына келген.

Ошол учурду адабият таануучу, Айтматовдун жанында көп жүрүп калган академик Абдылдажан Акматалиев мындайча эскерет:

"Сүрөттөгү үч адам аябай жакшы алакадагы дос болгон. Мисалы, орус акыны Евгений Евтушенко Чыңгыз Айтматовго арнап ырларды жазган жайы бар. Ал инсандар 1960-жылдары адабият айдыңына чогуу чыккан замандаштар. Ал эми казак жазуучусу, кыргыз эл акыны Мухтар Шаханов менен Айтматов "Жар боюнда боздоп калган аңчынын ыйы" аттуу чыгармасын жарыялаган. Чыгармачылыктан сырткары, өтө жакын саанаштардан болуп жакшы катышкан", — деди Акматалиев.

Ошондой эле академик Айтматов жазуучу болгонуна карабай акындык өнөрдү мыкты түшүнгөндүгүн кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0