Бишкекте комузчу Ыбырай Тумановдун 130 жылдыгы белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз
Кыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу комузчуга арналган көргөзмө 25-октябрга чейин уланат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бүгүн, 9-октябрда, Бишкектеги Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинде белгилүү комузчу Ыбырай Тумановдун 130 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, маданий иш-чара 9-октябрда саат 10:00дө башталат.

Көргөзмө Бишкек шаарынын мемориалдык музейлер бирикмесинин дирекциясы жана Токтогул атындагы адабият жана искусство музейи тарабынан уюштурулууда.

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз…Учурдун жаш комузчулары кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз… Учурдун жаш комузчулары кимдер?
Иш-чарага бир катар маданий ишмерлер менен музыкалык окуу жайлардын студенттери катышат.

Көргөзмө 25-октябрга чейин уланмакчы.

Залкар комузчу Ыбырай Туманов Кыргыз ССРинин эл артисти. 1888-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылында туулган. Ал жети жашынан тарта комузда кол ойното баштаган.

Москвада өткөн кыргыз маданиятынын 1939 жана 1958-жылдары өткөн декадасына катышкан.

1939-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөсү, 1951-жылы "Ардак белги" жана "Эмгек кызыл туу" ордени менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0