Кыргызстандык режиссердун "Аврора" тасмасы Кореядагы фестивалда күч сынашууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСеул шаары. Архив
Сеул шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага 180тен ашык мамлекеттен 270тей эмгек кабыл алынган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Бекзат Пирматовдун тасмасы Түштүк Кореяда ат салышууда. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан кабарлашты.

Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кулмендеев: бишкектиктерди бекер кино көрүп кетүүгө чакырабыз
Маалыматка ылайык, 13-октябрга чейин Бусан шаарында өтүп жаткан XXIII эл аралык кинофестивалга өлкө атынан "Аврора" тасмасы катышууда. Ал "Кинодогу жаңы агымдар" номинациясы боюнча күч сынашып жатат.

Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага 180тен ашык мамлекеттен 270тей эмгек кабыл алынган. Анын алкагында 14 топтон турган калыстар иштөөдө.

Эске сала кетсек, буга чейин кыргызстандык режиссерлордун тасмалары аталган фестивалдын кункурстук программасына чыга алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0