01:35 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Кыргыз скульптура өнөрүнүн түптөөчүлөрүнүн бири болгон Тургунбай Садыков

Тургунбай Садыков: искусствону түшүнүү үчүн бир гана нерсе керек...

© Sputnik / Шерстенников
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
70120

Кыргыз скульптура өнөрүнүн түптөөчүлөрүнүн бири болгон Тургунбай Садыков 83 жашка чыкты. Балким жаңы муун анын өлкөбүздүн маданиятына кошкон эбегейсиз салымын аңдай бербестир. Улуттук филармониянын алдындагы "Манас" скульптуралык ансамбли, Уркуя Салиевага арналган "Революциянын каармандарына" монументи алардын бир гана чети.

Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз эл сүрөтчүсү академик Тургунбай Садыков 1935-жылы Баткен районундагы Говсувар кыштагында жарык дүйнөгө келген. Алгач Фрунзе шаарындагы Кыргыз көркөм өнөр мектебинде, андан соң Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайында билим алган.

Скульптор азыр да өнөрканасында жаңы эмгектердин үстүндө иштөө менен өзү негиздеген Улуттук көркөм өнөр академиясында таланттуу жаштарды тарбиялап келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги Тургунбай Садыков менен жолугуп өнөр жолу, түбөлүккө калган эмгектери жана айкелчиликтин азыркы абалы тууралуу баарлашты.

— Алгач балалыгыңызды эскерип кетсеңиз? Өнөргө жакындыгыңыз ошол кезде эле билине баштады беле?

— Биздин үй-бүлө өнөргө жакын кишилер эле. Апам сайма сайып, бычмачылык менен алектенип, чапандарды тикчү. Анын оймо-чиймелер төшөлгөн иштери азыркыга чейин өнөрканамда турат. Атам жыгач уста катары эшик, терезелерге оймолорду түшүрчү. Чокойлорго жыгачтан калып жасачу. Согуш маалында анын маанисин түшүнбөй, атам жасаган калыптарды отунга жагып жибердик. Улуу агам менен карындашым сүрөт тартышчу. Мен да кичинекей кезимен эле сүрөт тартып, чоподон айкелдерди жасап чоңойдум.

Негизи менин балалыгым каардуу согушка туш келди. Өтө оор заман эле. Ошол кездеги бир окуя эч эсимден кетпейт. Биздин айыл тоонун ичинде жайгашкан. Балдар чогулуп чоң жолдогу чаңды тегиздеп тоону, үйлөрдү, мал-жанды тартып ойнойт элек. Бир жолу күндөгүдөй эле боз чаңга сүрөт тартып ойноп жатсак, эки атчан киши келип калды. Сүрөттү ким тартканын сурашты эле балдар мени көрсөткөн бойдон өздөрү качып кетишти. Атчандардын бирөөсү жерге тартылган сүрөттү абайлай тегеректеп басып, анан мени өңөрүп алды. Азыр ойлосом райондун жетекчилигинде иштеген бирөөлөр окшойт. Ошол кишиден биринчи жолу сүрөтчү, айкелчи деген кесиптер бар экендигин, алардын эмгектери музейлерде коюларын уктум. Ал атчанды кийин жолуктурбадым, ким экендиги да эсимде жок. Бирок менин ушул жолду тандашыма чоң түрткү болгон. 

Тургунбай Садыков в молодости. 1964 год
Александр Федоров
Кыргыз скульптура өнөрүнүн түптөөчүлөрүнүн бири болгон Тургунбай Садыков

— Дээриңиздеги талантка карабай ар дайым билимиңизди өркүндөтүп келипсиз?

— Албетте, татыктуу билимиң жок болсо талантың такшалбай калат. 10-классты бүткөн соң Фрунзеге келип Көркөм өнөр окуу жайында окуп калдым. Ошол кезде сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында эстеликтердин көргөзмөсү өтүп турчу. Мурда-кийин музейге барып көрбөгөн жаным ал жерден чыкпай калгам. Ошол көргөзмөдө жүрүп скульптор Владислав Пузыревский менен таанышып калдым. Ал киши жаш экениме карабай мени жардамчысы кылып алды. Мен ага чопосун, жыгачын ташып жардам берсем, ал мага айкелчилик боюнча баалуу кеңештерин айтып жүрдү. Ошентип "Алтын бешик" деген чыгармам менен дипломумду коргодум.

— Сизди XX кылымдын алп скульпторлорунун бири болгон Сергей Коненков менен жакындан тааныш болгон дешет?

— Ал киши менен Фрунзедеги окуу жайды аяктагандан кийин тааныштым. Окууну бүткөн соң ар кандай көргөзмөлөргө катыша баштадым. 1961-жылы "Койчу бала" жана "Телегей" деген чыгармаларым Москвадагы Бүткүл союздук көргөзмөгө коюлду. Ага катышып келгендер эки эмгегимин тең элге, айрыкча СССРдин маданият министрине аябай жаккандыгын айтышты. Бир күнү эле мен күтпөгөн окуя болуп скульптор Сергей Коненковдон кат алдым. Катында "Койчу баланын" аябай жаккандыгын жазып, дарегин берип Москвага чакырыптыр. Ал киши менен жолугуу мендей жаш жигит үчүн өтө чоң сыймык болду. Поезд менен Москвага барып, түз эле Коненковдун өнөрканасына кирип бардым. Аппак сакалы жайкалган киши экен, мени жылуу тосуп алды. "Манас" эпосун окугандыгын айтып, мага кеңештерин берип, үйүнө бир нече күн коноктоп анан жөнөттү. Бишкекке келген соң да эмгектеримдин сүрөттөрүн жөнөтүп, кат жазышып жүрдүм. Байкап көрсөм канчалык иштерим эл оозуна алынбасын, билимимди дагы да тереңдетүү зарыл экен. Коненковго ушулардын баарын түшүндүргөн кат жаздым. Ал мага жардам берээрин айтып, кайра чакырды. Ошентип анын жардамы менен Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайына өтүп, аны 1963-жылы бүтүрдүм. 

Работа над памятником Эркиндик.
© Фото / Александр Федоров
Тургунбай Садыков: негизи менин балалыгым каардуу согушка туш келди. Өтө оор заман эле.

— Москвада маданият адамдары үчүн шарт жакшы болсо керек эле. Сиздин окууну аяктаарыңыз менен мекениңизге келишиңизге эмне түрткү болду?

— – Ооба, ал убакта Кыргызстанда өнөр адамдарынын чөйрөсү тар эле. Музейлердин саны да аз болчу. Мага "Москвада эле кал, бардык шартты түзүп, жада калса өнөркана ачып беребиз" дешкен. Өзүм ал убакта жаңы эле үй-бүлө кургам. Москвада мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнү менен, башкы максатым өзүбүздөгү көркөм өнөр тармагын өнүктүрүү болчу. Андыктан бар күчүмдү ушул жаатка арнайын деп Кыргызстанда калууну чечкем.

— Эмгектериңизде улуу инсандардын портреттери (бюсттары) басымдуулук кылат. Негизи эле эстелик жасоодо образды кантип табасыз?

— Образды жаратуу — абстракциялык көрүнүш. Алгач ой пайда болот. Анын формасы, өңү-түсү, эмнеден жасалары белгисиз. Оюңдагы ошол образдын эскизин кагазга түшүрөсүң. Анан акырындык менен өрчүй берет. Кээ бири жыгачка, кээси ташка ыңгайлуу болот. Башында эстеликтин бир топ вариантын жасайсың. Портреттик айкелдерди жасоо абдан оор. Себиби ар бир инсандын өзүнө таандык мүнөзү, жүрүш-турушу болот. Сен анын баарын портретте көрүнүп тургандай кылып беришиң керек. Жөн эле жасап койсоң каармандын ички дүйнөсү жаралбай калат. Ал толук кандуу чыгарма катары эсептелбейт. Алардын чыгармаларын, илимий эмгектерин окуп образды жаратасың. Монументалдык скульптуранын да өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Кайсы жерде — паркта, музейде, ачык жерде турары маанилүү.

— Өзүңүз башында туруп ачкан Улуттук көркөм өнөр академиясы тууралуу айта кетсеңиз?

— Академиянын уюшулганына 27 жыл болду. Муну өтө уникалдуу система деп айта алам. Системанын ичинде алыскы аймактардагы мектептерибиз, колледждер, жогорку окуу жайы, аспирантура, анан эң чокусунда академия турат. Мектептерибиз интернат түрүндө. Ичинде тамак-аш, жатакана сыяктуу бүт шарттар бар. Окуучулар мектепти бүткөн соң каалагандай кесипти тандашат. Кээ бирлери биздин академияга келишет. Көп өлкөлөр менен байланыш түзүп, тажрыйба алмашып турабыз. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн алды Америка, Европада иштеп жүрүшөт. 

Экспонаты в музее Национальной академии художеств имени Тургунбая Садыкова в Бишкеке
© Sputnik / Азат Акаев
Тургунбай Садыков: образды жаратуу — абстракциялык көрүнүш. Алгач ой пайда болот. Анын формасы, өңү-түсү, эмнеден жасалары белгисиз. Оюңдагы ошол образдын эскизин кагазга түшүрөсүң. Анан акырындык менен өрчүй берет.

— Сизди айыл-кыштактардан бери кыдырып, таланттуу балдарды издейт деп уктум?

— Эми турмуш-тиричилик деген бар, ар үй-бүлөдө дайыма шарт боло бербейт. Биз мектептерди кыдырабыз. "Ким мыкты сүрөтчү" деп сурасаң окуучулар өздөрү эле көрсөтүшөт. Анан ал балдардын ата-энеси менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Макул болушса мектептерге алып келебиз. Скульптор, сүрөтчү — өтө сейрек учураган өнөр. Жүз баладан бирөө десек туура болот. Андыктан таланттуу балдарга туура багыт берип, өнөрдүн сырларын үйрөтүү — башкы максатыбыз.

— Көркөм өнөрдүн өлкөбүздөгү азыркы абалы кандай?

— Илгери күчтүү идеология бар эле. Өнөр адамдары ошол идеологиянын калыптанышына жардам берчү. Андыктан, мамлекет өзү колдоп жол көрстөтчү. Азыр эркиндик пайда болду. Ар ким өз эмгегин каалагандай жасай берет. Музейге коёбу, сатабы, өз эрки. Бардык нерсени сүрөтчүлөр өз аракети менен жасап калды. Бул жаман нерсе эмес. Себеби ар бир доордун өзүнө жараша өзгөчөлүктөрү бар. Көркөм өнөрдүн өлкөбүздөгү абалы жакшы десем болот. Бизде укмуш таланттуу балдар бар. Мени кубандырганы — эгемендикти алгандан кийин өнөрлүү жаштарга аз да болсо туура мамиле кыла алганыбыз. Анын үзүрүн азыр да, келечекте да көрөбүз.

— Улуттук филармониянын алдындагы "Манас" скульптуралык ансамбли шаардын символуна айланган. Ушул эмгегиңиздин таржымалын айта кетсеңиз?

— "Манас" комплекси 1980-1981-жылардын аралыгында жасалган. Анын эскизи Москвада каралып, бекитилген. Монументти жасаар алдын "Манас" эпосунун көптөгөн варианттарын окудук. Образдын жаралышына көптөгөн илимпоздор катышты. Чыңгыз Айтматов өзү эскизинен баштап көз салып, пикирин айтып турду. Себеби, биз эбегейсиз чоң жоопкерчиликти алганбыз. Кыргыздар Манастын улуулугун жан дүйнөсү менен сезет. Адамдар Манастын образын сенин эстелигиң аркылуу таанып калышат. Андыктан монументти жасоо оңой болгон жок. 

Тургунбай Садыков в своей мастерской. 1970-годы
Александр Федоров
Тургунбай Садыков: скульптор, сүрөтчү — өтө сейрек учураган өнөр. Жүз баладан бирөө десек туура болот.

— Сиздин эмгек жолуңуздун көбү советтик мезгилде өттү. Бирок азыр ал доордогу эстеликтердин көбү алынууда. Ушу нерсеге көз карашыңыз кандай?

— Эми ар бир мезгилдин жазылбаган мыйзамдары болот экен. Советтик доор аяктап, идеология жоголду. Менин жеке пикиримде андай көрүнүштөр туура эмес. Себеби, ал доор да биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү болгондон кийин унутпашыбыз керек. Заман алмашат, аны менен кошо эл өзгөрөт. Ал эми чыгарма кала бериши керек. Египеттеги пирамидалар деле өз ордунда турбайбы.

— Искусствону түшүнүү үчүн өзгөчө бир нерсе керекпи?

— Билим. Көп окуп, айлана-чөйрөнү аңдай билип, анан жан дүйнөң таза болсо искусствону түшүнөсүң. Опера, балет, музей, театр, китепканаларга көп баруу керек.

— Сиз Айтматов менен жакын санаалаш болгонсуз. Азыр да жазуучунун айкелин жасап жатыпсыз…

— Айтматов менен көп жолу иштештим. Ал өзү көркөм өнөрдүн маанилүүлүгүн жакшы түшүнгөн киши эле. Балдарын ар дайым өнөрканага ээрчитип келчү. Аларга айкелдерди көрсөтүп, түшүндүрчү. Азыр мен жасаган Айтматовдун бюсту АКШнын борбору Вашингтондогу Конгресстин китепканасында турат. Бактыма жараша, көзү тирүү кезинде маңдайыма отуруп, портретин түшүрүүмө уруксатын берген. Азыр анын дагы бир портретин мрамордон жасап жатам.

Тема боюнча

Скульптор, сүрөтчү Кыргыз Эл баатыры Тургунбай Садыков бүгүн 80 жашка чыкты
Мына сага! Асмандан тартылган Бишкектин уникалдуу 10 сүрөтү
Белгилер:
скульптура, өнөр, эстелик, Тургунбай Садыков, Чыңгыз Айтматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ