Кочкордо манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгы белгиленет

Жазылуу
Мааракелик иш-чара алдыдагы ишемби күнүнө белгиленген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Нарын облусунун Кочкор районунун Ормонхан айылында көрүнүктүү манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгы белгиленет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Майрамдык иш-чарага илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, белгилүү төкмө акындар, коомдук жана саясий ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышары айтылат.

Мындан сырткары, улуу манасчынын 150 жылдык маарекесинин алкагында жалпы билим берүү мекемелеринде жана жогорку окуу жайларда ачык сабактарды жана класстык сааттарды, илимий-практикалык конференцияларды, ат оюндарын, "Манас" айтуу сынактарды, театралдаштырылган оюндарды өткөрүү белгиленген.

Ресторанда стол даярдап жаткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгердин 70, райондук гезиттин 80 жылдыгы. Мамлекет өткөргөн 105 той
Көрүнүктүү манасчы Сагымбай Орозбак уулу 1868-жылы Ысык-Көлдүн күңгөй тарабындагы Кабырга деген жерде жарык дүйнөгө келип, бирок Кочкордо жашап өткөн. Тогуз жашында өзбек молдосунун жетекчилиги алдында арабча билим алып, ырдаганды жана ыр жазганды үйрөнгөн. Ошол мезгилдеги белгилүү манасчылардын айткандарын угуп, "Манас" эпосуна 15 жашынан тарта кызыга баштаган.

Сагымбай Орозбак уулу эл арасында "Манас" эпосунун сюжеттик толуктугу жана жогорку көркөмдүүлүгү менен айырмаланган эң көлөмдүү вариантын айтуучу катары атагы чыккан. Окумуштуу-фольклорчулар арасында анын варианты кыргыздын баатырдык эпосунун классикалык версиясы болуп саналат. Андан жазып алынган "Манас" 180 миң 378 сапты түзөт.

1930-жылы Ысык-Көлдөн Кочкорго үй-бүлөсү, туугандары менен кетип бара жаткан учурда оорудан улам көз жумган.

Улуу манасчынын таржымалы тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган 15 фактыдан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0