Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт

© Sputnik / Виктор ТолочкоПоказ фильмов в Кинотеатрах
Показ фильмов в Кинотеатрах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 13-16-сентябрга чейин созулуп, "Манас" кинотеатрында болмокчу.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, саамалык түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын "Кино анимация" боюнча 6-жыйынынын алкагында болмокчу.

"Иш-чарага аталган комиссиянын төрагасы баш болгон Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын парламенттеринин депутаттары, Маданият министрликтеринин жана дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрү, кинорежиссер, аниматор жана маданият ишмерлери катышат. Анда көрүүчүлөргө Азербайжандын "Кызыл бакча", Казакстандын "Оралман", Кыргызстандын "Түнкү кырсык", Түркиянын "Буудай" жана "Айла" деген көркөм тасмалары тартууланат", — деп жазылат маалыматта.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү 13-16-сентябрга чейин созулуп, "Манас" кинотеатрында болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0